Ак-Талаа районундагы балдардын билим берүү борборунда “Мен жана менин жан дүйнөм” аталышында облустук семинар өтүлдү. Алгач келген өкүлдөр жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев куттуктоо сөз сүйлөшүп, семинардын жүрүшүнө ийгилик каалашты.
Ак-Талаа райондук билим берүү борборунун мугалимдери ар кандай темада мастер класс, ачык сабактарды өтүштү. Тактап айтканда бий ийриминин жетекчиси Бакыт Садыкбаева “Бий ийкемдүүлүктү талап кылат” деген темадагы сабагын меймандардын катышуусу менен өтсө, көркөм сүрөт ийриминде Акылбек Мамбетов окуучуларына пейзаждык сүрөттүн өзгөчөлүктөрүн, ыкмаларын көрсөтүп берди. Ал эми кол өнөрчүлүк ийриминде Венера Молдакунованын лентадан гүл жасоо боюнча мастер класс, англис тил ийриминде Чынара Калматова ачык сабак өтүштү.
Семинарга келген меймандар ачык сабактарга катышты
Венера Молдакунова мастер класс өтүүдө
Окуучулардын кол эмгектери көргөзмөгө коюлду
Паннолор
Венера Молдакунова окуучулардын эмгектери менен тааныштырууда
Акылбек Мамбетов сабак учурунда
Түстүү кагаз, шуру-мончок ж.б жасалган кол эмгектер
Бакыт Садыкбаеванын мастер классына мугалимдер да катышты
Ошондой эле борбордогу таланттуу окуучулардын эмгектеринин көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө окуучулардын тарткан сүрөттөрүнөн тартып, кийиз, шуру жана сайма менен жасалган панно, картина ж.б. коюлган. Семинар райондук маданият үйүндө борбордун таланттуу окуучуларынын отчеттук концерти менен жыйынтыкталды.
Балдардын билим борбору 2001-жылы “Мээрим” фондусу тарабынан уюшулуп, учурда математика, компьютер, комуз, сүрөт, бий, шахмат, вокал, алтын оймок, алтын ийне, чебер колдор ийримдеринде 511 окуучу тарбияланууда.
Барчын Мамытбекова