Маалыматтык-консультациялык борбор мигранттар үчүн жаңыртылган сайтты ишке киргизди.
2021-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордун (мындан ары – МКБ) жаңыртылган вебсайтынын (www.migrant.kg) бет ачары болду.
Басма сөз, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү КР жарандары үчүн МКБ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, жаңы вебсайттын функциялары менен таанышышты. Иш- чарага региондор арасынан Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун журналисттери дагы катышууга мүмкүнчүлук болду.
Учурда интернет булактарындагы расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны 1 миллиондон ашат.
Бүгүнкү алган маалымат боюнча айта кетсек, бул сайт мигранттарга онлайн режиминде МКБнын интерактивдүү вебсайты. Жарандарга маалымат алууда төмөнкүдөй мүмкүндүктөрдү берет:
• Онлайн режиминде Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизме») өзүнүн маалыматтарын текшерүүгө;
• Коопсуз миграция маселелери боюнча зарыл болгон консультацияларды алуу үчүн дүйнөнүн туш тарабынан МКБнын шыр байланыш кызматынын операторлору менен байланышууга жана адамдарды сатуу менен байланышкан кырдаалдар келип чыккан учурда WhatsApp, Telegram, онлайн чат сыяктуу бардык жеткиликтүү каналдар, телефон байланышы жана башка мессенджерлер аркылуу жардам алууга;
• Мыйзамдуу жана коопсуз миграция тууралуу, анын ичинде чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштурууга уруксаты бар менчик агенттиктер боюнча так маалымат алууга;
• Чет жерде каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар боюнча бир жолку төлөмдөрдү алуунун тартиби жөнүндө жаңыртылган маалыматтарга жеткиликтүү болууга мүмкүндүк алышат.
Иш- чарага катышкан Ноэль Бауэр, USAIDдин демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
«Бул портал мигранттарга мамлекеттик маанилүү кызматтарга жеткиликтүү болууга гана жардам бербестен, аларды адам сатуучулардан, кооптуу жана мыйзамсыз миграция жолдорунан коргоого жардам берет. Коопсуз миграция биздин максат, ал эми ушул иш-чара максатка жетүү үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет».
Бул вебсайт ар кайсы өлкөлөрдөгү мигранттарга, ошондой эле потенциалдуу мигранттарга миграция маселеси боюнча актуалдуу маалыматтарды жана консультацияларды жана МКБ тарабынан көрсөтүлүүчү башка маалыматтарды алууда колдоо көрсөтүү үчүн колдонууга ыңгайлуу жана жөнөкөй онлайн платформаны түзүү максатында иштелип чыккан.
Маалыматтык-консультациялык борбордун директору сөз кезегинде Кубандык Акматбеков:
«Маалымат берүүнүн ыкчамдыгы жакшырат, онлайн режиминде «кара тизмеден» өзүн текшерүү сыяктуу жаңы функциялар жана кызматтар жеткиликтүү болот, мурда бул кызматты Маалыматтык-консультациялык борборго баруу менен гана алууга болот эле. Мындан тышкары, мигранттар үчүн башка пайдалуу кызматтар да жеткиликтүү болот».
Бүгүнкү иш-чара «ОРИОН» мейманканасынын конференц залында Улгайгандар үчүн ресурстук борбордун «Кыргыз Республикасынын мигранттарына зарыл болгон кызматтарды көрсөтүү үчүн мигранттардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, МКБ менен өнөктөштүктө, Winrock International тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Турсун Омуралиева