Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабай Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары кезексиз 3-отурумга чогулушту. Отурумда көптөгөн маселелер кароого коюлган.
Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева билдирди:
«Биз азыркы учурдагы пандемияга карабай кезексиз 3-отурумга чогулдук. Анткени көйгөйлүү маселелер көбөйүп кетти. Тез арада чечип беришибиз керек болду. Ошондуктан кезексиз отурумга чогулдук».
Отурумга 19 депутат жана маселелерге тиешелүү жетекчилер катышышты. Күн тартибиндеги каралган маселелер:
1.Суусамыр айылдык жергиликтуу кенешинин 7-чакырылышынын 2021-жылга карата иш планын бекитүү.
2.Суусамыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетун угуу Асаналиев З.Б.
3.»Достук» муниципалдык ишканасынын отчетун угуу, Насыпбеков С.К
4. Достук муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо.
5. Кожомкул айылынын тургуну Токтогулов Бабанурдун Кожомкул айылынын генералдык планына өзгөртүү киргизүү тууралуу арызын кароо, маалымат берүүчүлөр Дуйшөнаалы уулу Урмат, Мураталиев Б.
6. Айылдар боюнча жумушчу комиссиялардын курамын бекитүү.
7. Ар кандай маселелер
Отурумдун башында Суусамыр айыл өкмотүнүн башчысы Максат Сейиткуловдун буга чейинки аткарылган иштер боюнча отчёттун угушту. Жергиликтүү кеңештин төрайымынын орун басары Тилек Чейнекеева баяндама жасады.
Суусамыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Зоодан Асаналиев аткарылган иштер боюнча отчетун берди. Депутаттар тиешелүү суроолорду берип, жоопторун алышты. Суусамыр айыл аймагындагы Ковид- 19 боюнча маалыматты Суусамыр айыл өкмөтүнүн катчысы берип өттү. Суусамыр айыл аймагы боюнча бугункү күнгө 23 учур катталганы айтылды. Достук муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматы берилди. Депутаттар суроолорду берип жоопторун алышты.
«Достук» муниципалдык ишканасынын жетекчиси уставдын негизинде айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындоо жолу менен шайланды. Суусамыр айылдык ооруканасынын жетекчиси Бурулкан Курамаевна ооруканадагы абал тууралуу маалыматын берди. Азыркы учурда врачтар жетишпей жаткандыгын айтып өттү. Учурда 7 медкызматкер ооруп жаткандыгын айтты. Каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип сунуштар айтылды.
Суусамыр: Жергиликтүү бюджет талкууланды
Азиза Тамчиева