Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, «Аксаамай» фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси, жети дубан элинен ак элечек апаларга кыргыз каада салтын, нарк насилин, өнөр кенчин үйрөтүп баштап жүргөн Айымкан Кенжеева апа дүйнө салды.
Бул суук кабарды укканы Жаңы-Жер айылында Айымкан апанын өзү түзүп кеткен «Айым апа» тобу терең кайгырууда. Себеби, жакында бир жумага жете элек аралыкта Айымкан Кенжеева өзүнүн «Айым апа» тобу менен чай ичишип алдыда боло турган чон долбоорго даярдыктарды көрүп кеткен экен. Ошондон эки күн өтпөй ооруканага түшкөн боюнча кете берди деп эскерүүдө топтун жетекчиси Таалайкан Бекматова:
«Айымкан апабыз менен 2017-жылдан бери иштешип келебиз. Жаш курагыбыз өйдөлөп калганда биздей апаларга дем-күч берип жашоого шыктандырган, оору сыркообузду унуттурган апабыз эле. Чындыгында, ушул Айымкан апабызга карап түздөнчүбүз. Адамгерчилиги бийик, сөз баккан салтты кармаган, кайратынан жанбаган өзгөчө асыл жан эле.
Шум ажал асыл апабызды арабыздан алып кетти. Өкүнүчтүү өлүм ак, ажал улук. Эртең буюрса тажыясына барабыз. Айымкан апа көзү түрүүсүндө бизге «Эгер менин көзүм өтсө кыргыздын салты эмеспи, тажыяма келгенде мен жөнүндө кошок кошкула», -деп айта жүрүүчү экен. Ошол керээзин аткаралы деп азыр ар кимибиз кошок даярдап жатабыз».
Энекем,
Кадырлуу жашы барында,
Калкымды бийик көтөргөн.
Каада салтты илгерки
Энекем,
Калкыма кайрып көргөзгөн.
Санжыра, тарых байлыгын
Көп элге айтып үйрөткөн.
Энекем,
Алтындай жашы барында,
Апалар наркын көтөргөн.
Айылды түрө кыдырып,
Энекем,
Адепке баштап үндөгөн.
Ак элечек оронтуп,
Айылда далай эненин,
Энекем алардын..
Кадырын бийик көтөргөн.
Энекем,
Көркөм жашы барында,
Көч баштап алга сүрөгөн.
Көчмөндөр салтын көргөзүп,
Көпчүлүк элге тааныткан.
Энекем,
Дүйнөнү түрө кыдырып,
Кыргыздын асыл энеси,
Ак элечек оронуп
Ак кызмат кылган элине,
Аябай жанын энекем,
Курмандык чалды жерине.
-деп Жаңы-Жер айылындагы «Айым апа» тобунун ак элечекчен энелери кошок даярдашууда.
Асья Кемелбаева:
«Айымкан апабыз бир чоң долбоор боюнча ооруканага түшөрдөн эки күн мурун Жаны-Жер айылына келип, Айым апа тобу менен чай үстүндө кенен- кесир баарлашып отуруп кетти эле.
Ошондо жакын арада кадырлуу калк энесин жоготуп коерубузду сезбептирбиз.
Айымкан апабыздын жигердүүлүгү, мезгилдин талабын көрө билгендиги, тилинде мөөрү бардай кандай адам болсо да шыктандыра ала турган касиети, катман карылыкта болсо да шайдоот жүрүшү акыл-эсинин компьютердей тактыгы, билиминин байлыгы, бизди суктандырар эле.
Өмүр жалган, өлүм ак. Айым апабыз элине, кыргыз маданиятына, кыргыздын каада-салтын калыбына келтирип, андан ары өнүгүшүнө тынымсыз эмгекчилдиги менен зор салым кошуп кетти. Аты тарыхтын барактарында, элдин эсинде алтын тамгалар менен жазылган кыргыздын көзгө басар кыздарынын катарын толуктады.
Кайыр кош, эсил кайран энеке! Жаткан жериниз жай, топурагыңыз торко, чын дүйнөңүз бейиш болсун»!
Башарат апа:
«Айымкан апа дүйнө салды дегенди укканда ишене алган жокмун. Себеби, кечээ эле жакында Жаны-Жерге келип кеткен болуучу. Жакында КТР де тартыла турган иш- чарага даярдыгыбыздан кабар алганы келген. Бизди бир сыйра урушуп, кайра кеп кеңешин айтып кетти эле. Ден-соолугу жакшы болуучу. Айымкан апабыздын жанында биз оорудук дегенден уялчу элек. Айымкан апанын аркасы менен көптөгөн жакшы иш- чараларды көрдүк, ырдадык, бийледик дегендей жан дүйнөбүздү сергиттик. Биздин курактагы адамдар үчүн Айымкан апа бизге күч-кубат берип, жан дүйнөбүздү жашартып эс алдырып турган асыл адамыбыз эле. Энесинен айрылган жетим козудай болуп турабыз. Эми биздин топтун келечеги кандай болот деп ойлонуудамын».