Барскоон айылында жашаган Максат Усупбаева Ысык- Көл облусу боюнча мал доктурлар арасында бул кесипти аркалаган жалгыз айым. Ал эки жогорку билимдин ээси. Аны айылдаштары мотоцикл үнүнөн тааныйт.
Бүгүнкү уктурууда мотоциклчен мал доктур айым менен тааныштырабыз:
Максат айым бүгүнкү күндө өзү жашаган аймакка керектүү адистердин бири. Мал жандыктарын эмдөөдөн өткөрүү, ылаңдаган малдын дартын аныктоо, дарылоо анын күн тартибине кирген иши.

Барскоон айылынын мал доктуру Максат Усупбаева
“1988-жылы Айыл Чарба Институтуна барып ветеринария факультетине тапшырып аны бүттүм. Андан кийин зоотехническийди бүттүм. Ошону менен эки жогорку билимдүү болдум. Колума диплом аларым менен эле айылга келип өз кесибим менен иштеп калдым. Андан бери 18 жыл өттү”, — дейт Максат айым.
Алысты жакын кылып, Максат айымдын жумушун жеңилдеткен анын мотоцикли. Айылдаштары анын келе жатканын алыстан эле билип, суктануу менен кабыл алат. Ал эми каарманыбыз, аны үйрөнүү оңойго турбаганына токтолду.

Максат Усупбаева мотоцикл менен ишке бара жаткан учуру

Үй кыдырып уйлардан кан алуу учуру
“Бул мотоцикл АРИСтин долбоору менен алынган. Муну менен бир топ жумушубуз жеңилдеди. Мурун жакынкы жайыттарга ат минип алып барчубуз. Жыгылып, кайра-кайра жыгылып атып үйрѳнүп алгандан кийин мындан айрылгым да келбейт. Дагы бирден берсеби деген демилгем бар”.
Каарман менен сүйлөшүп отуруп, кантип бул кесипти аркалап калганына кызыктык. Кесибин ѳз каалоосу менен тандап алганын жана аба-ырайы, ар кандай жугуштуу мал ылаңдары ж.б кыйынчылыктарга карабай бул ишке берилүү менен иштеп келе жатканын кошумчалады.

Максат айым уйду тамчылатуу жолу менен дарылоодо

Жаз,күз айларындагы койлорду эмдѳѳ учуру
“Уй сүзѳт, жылкы тебет тоскоолдук жаратат. Аны эч качан малга сен мени сүзүп ийдиң, тээп ийдиң деп айта албайсың. Ошону үчүн этияттап, малдын ыгын билип, эптештирип алганбыз. Кошунам ыраматылык Тѳлѳн Эшмамбетов мал доктур болчу. Том китептери кѳп болчу эле да. Ошонун китептерин, жабдыктарын кѳп кармалачумун. Ошол кишинин кандайдыр бир таасири болду окшойт”.
Максат айым пенсия курагында келип калганы менен ал айылдагы мал жандыктарды кароосуз таштап кете албайт. Анткени, анын ишин улап алып кете турган, бул кесипке кызыккан жаштар жокко эсе. Мындан улам, ал билген тажрыйбаларын толугу менен уулуна үйрѳтүп келет.

“Жеке ветеринардык врач болуп азыр Барскоон айылында иштейм. Кесибимди жолдошум, бала-чакам түшүндү. Азыр бир балам ѳзүм менен чогуу иштешет. Күйөөм жардамчым. Мени менен кошо ой болсо ой, тоо болсо тоодо жүрѳт. Ѳзүбүздүн артыбыздан бала-чака биздин кесибибизди аркалап иштеп кетсе экен деген тилегибиз бар”.
Максат айым учурда ѳз айылына эле эмес коңшу айылдарда дагы ветеринардык кызматын кѳрсѳтүп келет.
Барскоондогу «Алтын туяк» жеңе тууралуу макаланы окуңуз.
Гүлкайыр Осмоналиева