7-декабрдан баштап, өлкөдөгү мектептер салттуу билим берүүгө өткөн. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, мектептерде толук түрдө санитардык талаптар аткарылышы керек.
Кочкор районунун Чолпон айылында жайгашкан, Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин мугалимдеринен, беткап тагынып окуучуларга сабак өтүү жана түшүндүрүү, канчалык деңгээлде ыңгайлуу болуп жаткандыгын сурап көрдүк:
Аталган мектептин физика мугалими Медербек Бекишов буларга токтолду:
«Өлкөдө коронавирус илдети жүрүүдө. Ошондуктан, ар бир адам өзүн коргоосу керек болуп жатат. Учурда салттуу түрдө окуп баштадык. Мектепке кадимкидей келгенибиз менен дайыма беткапчан жүрүүгө туура келет. Анткени мугалимдер, окуучулар менен, коллектив менен байланышта болушат.
Беткапты дайыма тагынып жүрүү кыйын болот экен. Анткени сабак учурунда, көз айнек тагынам. Беткап тагынганда көз айнек дагы бууланып калат экен. Кыйынчылыктарга карабастан беткапты тагынууга туура келет. Биринчи орунда ден-соолук турат эмеспи. Мезгилдин талабын аткаруубуз абзел. Мектеп тарабынан мугалимдер беткап менен камсыз болушкан. Беткаптын сапатына жараша, белгилүү бир убакытта беткаптарды алмаштырып турабыз. Ошондой эле мектепке кирип келе жатканда, ар бир адамдын дене-табы өлчөнүп, антисептик каражаттары колдонулат».
Кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим Назгүл Ишенбаева:
«Сактыкта кордук жок» деп дайыма беткапчан жүрүп жатабыз. Бирок, мен үчүн беткап менен окуучуларга сабак түшүндүрүү ыңгайсыз болуп жатат. Биринчиден жакшы дем жетпей жатат, экинчиден мурун ээн-эркин сабак өткөнгө көнүп калыптырбыз. Беткап менен дайыма сабак өтүү биринчи жолу кездешип жатат. Сабак түшүндүрүп жатканда «окуучулар мени жакшы эле угуп жатышабы? же түшүнбөй калдыбы?» деген дагы шектенүүлөр болуп, бир айткан сөзүмдү эки жолу кайталап айткан учурлар дагы кездешүүдө».
Биология сабагынан мугалим Айна Жунушова:
«Чынында беткап менен сабак өткөн ыңгайсыздыкты жаратат экен. Ушул убакка чейин беткап тагынбай жүрүп көнгөнбүз да. Беткап тагынуу, дем алууга дагы кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет экен. Бирок, ага карабастан санитардык талаптарды аткаруудабыз».
Чет тили сабагынан мугалим Канышай Кушубакова:
«Беткап тагынып сабак өтүү деле оор нерсе болот экен. Бир четинен дем жетпегендей болуп жатат. Экинчиден, мен үчүн окуучуларга беткап менен сабакты түшүндүрүш бир топ оор болууда. Өзгөчө сабак өтүп жатканда мен айткан нерселер, арткы партада отурган окуучуларга жеткиликтүү болдубу деп, кайрадан сураган дагы учурлар кездешүүдө. Буга чейин ээн-эркин дем алып, беткапсыз жүргөнгө көнүп алыптырбыз. Биринчи жолу мындай учур кездешкендигине байланыштуу, көнө албай жатат окшойбуз».
Дене тарбия сабагынан мугалим Адил Жумаалы уулу:
«Чындыгында мугалимдерге беткап менен сабак өтүү оор болуп жатат. Бирок, ошого карабастан коронавирус илдетинен өзүбүздү сакташ үчүн санитардык талаптарды толук түрдө аткарышыбыз зарыл. Айрыкча киши топтолгон же коомдук жайларда беткапсыз жүрсөк, биз бул оорунун жайылышына себеп болот. Ошондуктан, ыңгайсыздыгына карабастан, ден-соолугубузга кайдыгер карабай, дайыма беткап, антисептик каражаттарын колдонуубуз зарыл. Талаптарды барыбыз так аткарганда гана, тезирээк бул оорудан арылабыз деген ойдомун».
Перизат Таштанова