Жыл жыйынтыктоочу конференцияда жыл ичинде жакшы натыйжа көрсөткөн, долбоорлор менен иш алып барган активдүү 4 жамааттык медиа борбор “Мыкты жамааттык медиа 2023” сынагынын жеңүүчүсү аталып, атайын белектер менен сыйланышты.
1)Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында жайгашкан “Чолпон” жамааттык медиа борбору, координатору Гулира Сатарова;
2)Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жайгашкан “Ооган-Талаа” жамааттык медиа борбору, координатору Гулназ Камбарали кызы;
3) Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Тогуз-Торо” радиосу, координатору Анара Мааметова;
4) Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Шапак” жамааттык медиа борбору, координатору Бакыт Кожокматов.