11-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жетекчилери, активдүү кабарчылар, кызматташкан уюмдун өкүлдөрү, өнөктөштөр жана атайын коноктор келишти.
Конференцияга Жамааттык ЖМКлар Бирлиги ачылгандан бери туруктуу колдоп келген
Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия координатору Лидия Ранерт катышты.
Конференцияда жамааттык медиалар жыл ичинде жетишкен ийгиликтерине токтолуп, аткарылган долбоорлор тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.
Учурда Бирликтин мүчөлүгүндө Республика аймагында 27 жамааттык мультимедиа борборлор жана 3 үналгы өз ишмердүүлүгүн ишке ашырып келет.
Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия координатору Лидия Ранерт жана Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова
Панелдик талкуу учурунда
Жыл ичинде активдүү иштеген кабарчылар
Жыйынтыктоочу конференцияда жарандардын саламаттыгына көңүл буруп, «Сак бол» программасы аркылуу элди маалымат менен камсыз кылууга активдүү катышкан дарыгерлер сыйланышты.
Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Байсекеев
Белгилей кетсек, «Сак бол» программасы ар дүйшөмбү сайын Жамааттык медиа студиясында саат 13:00 түз эфирде болот.