12-ноябрь күнү Бишкек шаарында Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу болуп өттү.
Чогулушта ар бир жамааттык медианын жетекчиси өзү жетектеген медиа борбор бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу презентация жасашты.
Чогулушка Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерт катышты.
Ошондой эле жамааттык медиалар арасындагы ички маселелер талкууланды. Чогулушта алдыдагы 5 жылга план түзүлдү жана Жамааттык ЖМКлар Бирлигине 3 жаңы мүчө кабыл алынды.