Бүгүн Нарын шаарындагы Нооруз майрамына арналган салтанатка КРнын Президенти Садыр Жапаров жана бир катар расмий меймандар, жети дубандан келген ар тармактын эмгек ардагерлери жана шаар тургундары катышты.


Өлкө башчы жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, дубанда ишке ашып жаткан энергетикалык жана транзиттик багыттагы ири долбоорлорго токтолду жана анын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу келечекте Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланарын баса белгиледи.




Майрам белгилүү ырчылардын ыр-күүлөрү менен коштолуп, шаардын борбордук аянтын көрккө бөлөдү.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова