Азыркы учурда кыргыздардын 80% насыя аркылуу акча таап жатканын билебиз. Айрымдары соода сатык кылса, айрымдары мал чарбачылыка керектешет.
Насыяны алган соң аны уура максатта пайдалануу жана анын артынан көптөгөн ийгиликтерге жетишүү керек. Көп жылдардан бери насыя алып пайда таап келген жеке ишкер Азиз Амиров өз пикиринде насыяны алган соң аны тура пайдалануу керек деген оюн бөлүштү.
“Насыядан трактор алганмын лезинка Айыл банктан акчасы 980 000 пайыздары менен 300 000 кошулат жети жылга. Буга чейин акчалай алганмын эки жолу бул үчүнчү жолу алышым. Мен эми зыян тапканым жок трактордон, кудайга шүгүр пайда болуп жатат. Өз иштеримди трактор менен убагында бүтүрүп жана бош убагымда элге жардам көргөзүп жатам. Биздин үстөк пайыз 9%. Бизге эми көбүрөөк. Биз Орусияга барбаган үчүн айыл жерде иштеш керек болду. Ошон үчүн трактор алып ошонун артынан оокат болуп жатат. Биздин дыйкан чарба үч үйбүлө бирдикте иштетебиз. Бир жыл буудай, бир жыл жүгөрү, бир жыл дөшкө эгиндери айдалат. Иштердин баарын трактор менен бүтүрөбүз”, — деп токтолду Амиров.
Учурда доллар эмес сом менен иш жүрүп жатканы кыргыз эли үчүн ыңгайлуу болуп жатат. Бирок насыячыдан алынган каражат кандай максатка алынса, ошондой максатка колдонуу керек.
“Кардарларга берилген насыянын өлчөмдөрү алардын күрөөгө койгон мүлкүнө жана жасай турган ишине байланыштуу болот”, — дейт Медербек Рысмаматов. Ал төмөндөгүлөргө токтолду.
“Бизде азыр сом менен керектөөчү каржылоо деген продуктубуз иштеп жатат ушул учурда. Бизде насыя болуп эсептелбейт, товар узак мөөнөттүү төлөө деп беребиз. Анан анализ деп 130 000 чейин гана товар беребиз жана биз буларды үйлөрүнө барып текшербей кардардын иштеген ишинен жашаган жеринен справка, өзүн тастыктоо документтерин талап кылып эле бир эле саатын ичинде оформления кылып беребиз. Бизде ар бир товарга үстөк пайыздеп пайыз түрүндө коюлбайт, ар бир товардын үстүнө наценка коёбуз гана, товарды алып туруп үстүнө үстөк баа коюптуруп сатмай бизде. Кардарлар биринчиден сом болгон үчүн экинчиден ар бир товарды алганда ошонун шарттары болот мисалы 50 000 сомго чейин товар ала турган болсо Кыргызстандын жарандары алдын ала 20 пайызын төлөп туруп алат калганына биз график түзүп беребиз. Андан кийин биздин сумма кыска болгонуна байланыштуу эч кыйынчылык жок”, — дейт эксперт Рысмаматов.
Азыр насыя алып кайсы бизнести же ишти баштоону актуалдуулукка ээ болгону үчүнбү элдин баары насыя алуу менен иш башташат. Насыяны максатуу колдонуу — бул ар бирибиздин колубуздан келет. Андыктан туура колдонууну үйрөнөөлү.
Автор: Марлен Жамалов