Ноокат районунда мектепке болгон даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Окуучулар мектепке керек болгон кийим-кечектерди, окуу куралдарын Ноокат базарынан сатып алышат.

Ар жылы август айынын 15 теринен окуу жылга карата даярдыктар жүрүп башталат. Окуучулардын жашына карап ар бир окуучуга 2000 сомдон баштап 10000 сомго чейин кийим кечегине акча каражат кетет. Бир окуучу мектепке керек болгон муктаждыктарын сатып алат, мисалга алганда ак көйнөк кара шым, сумка, окуу куралдары ж.б.

Сатуучу Гүлзада Аширбекованын айтымында:
«Быйыл мектепке карата даярдыктар жылдагыга караганда эрте башталды. Кийим кечектердин баалары жылдагыдай эле сатылып жатат. Биз товарларды Бишкек шаарынан Дордой базарынан жана Кара- Суу районундагы Кара- Суу базарынан алып келип, Ноокат базарында сатабыз”, -деди.
Төмөндө Ноокат базарындагы мектеп кийим-кечектеринин орточо баалары көрсөтүлдү. Сүрөттү бир басып артынан баасын билсеңиз болот.
Даярдаган: Коңурбаева Тинатин, Насиркул кызы Айжибек, Курсантбек уулу Хусейн