Ноокат районундагы бардык билим берүү мекемелеринде «Көрктөндүрүүнүн үч айлыгын» аткаруу максатында ишембиликтер болуп өттү. Ишембиликте мектеп жамааттары көчөт жана гүлдүн түрлөрүн отургузушту.
Мектептин айланасын жана мектептин ички кааналарынын тазалыгына маани беришип, актоо, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Арыктар чабылып, спорт аянтчаларынын тегеректери оңдолуп иретке келтирилди. Мектеп ичиндеги кааналардын терезелери , стол, стулдары жууп тазаланды. Т.Айбашев атындагы орто мектебинин мектеп жамааты да ишембиликке активдүү катышып, мектептин айланасы баары иретке келтирилди.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру