25-26-июнда Европа Биримдиги жана БУУнун «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерилетүү» биргелешкен долбоорунун алкагында Ноокат районунун Кулатов жана Кенеш айыл аймактарында «Маалыматтык-окутуу иш-сапары» аттуу семинар болуп өттү.
Бул иш чарага пилоттук айыл аймактарынын өкүлдүрү катышышты.
Чуй областынын Жайыл районунан Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Жеенбаева Насипа Елибаевна жана Кара-Суу айылынын ТОСунун мүчөсү Чакчагаев Султаналы катышып келишти.
Болуп өткөн семинардын максаттары: тажрыйба алмашуу, долбоордун жергиликтүү маселелерин чечүү боюнча мыкты практикаларын көбөйтүү жана жайылтуу, ак-ниет башкаруунун принциптерин жана социалдык акыйкаттуулукту күчтөндүрүү.
Семинар өз максатына жетип, катышуучулар ыраазы болуп, өз аймактарына жөнөп кетишти.