Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында аялдар арасында волейбол болуп өттү.


Оюнга Куу-Майдан айылынан 5 команда катышты. Жаштык, Ынтымак, Байчечекей, Достук жана мектептин атынан мугалимдер командалары оюнга катышышты.
Бул оюнду Кенеш айыл өкмөтүнүн депутаты Козу кызы Зиягүл уюштурган.
Байгеге 1- орунга 1000 сом торту менен, 2-орунга 800 сом торту менен,3- орунга 500 сом торту менен жана калгандарына белекке торттор коюлган.

Оюндун аягында 1- орунга Жаштык командасы озуп чыкты, ал эми 2- орунду болсо мектеп мугалимдери ээледи. 3- орунду Ынтымак командасы алды.

Уюштуруучу Козу кызы Зиягүлдүн айтымында:
«Оюнду аялдардын келе жаткан майрамы менен куттуктоо катарында уюштурдум. Менин оюмча топ жакшы болду, дагы да ушундай жана башка иш- чараларды уюштурууга аракет кылам»- деди.
Ал эми ойногон оюнчулар Козу кызы Зиягүлгө ыраазычылык айтышты.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы