Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурак Абдрахманов быйыл тирүү болгондо 19-октябрда 69 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында төрөлүп, өскөн.
Нурак Абдрахманов ырчы, аткаруучу, чебер комузчу, күүчү эле болбостон устат болуп да балдарга өз билгенин үйрөткөн. Атасы комузчу болгондуктан анын арты менен алты жашынан эле музыкага аралашып калган.
12 жащында айылдык комузчулардын күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын күүсүн үйрөнүп, ар кандай концерт- салтанаттарда аткарган. Абдрахманов улуттук аспаптарда ойной алган мисалы комуз, кыл кыяк жана темир комуз.
1970-жылдарда Ак-Талаа райондук маданият үйүндө башчы болсо, 1975-жылдан баштап райондук балдар музыкалык мектебине директорлук кызматын кылган. Анын “Кулунчак”, “Ата-мурасы” деген күүлөрү алгачкылардан жаралган эмгеги болуп эсептелет.
2001-жылы Самарканд шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюшулган салттуу ырлардын эл аралык конкурсуна катышып, атайын байгесин жеңип, салттуу музыканын устаты деген сертификат алган.
Анын Ата мурасы, Улуу тоолор, Соң Көл баштаган 14 күүсү кыргыз музыка казынасын толуктады. Нурак Абдрахманов 2004-жылы Бишкекте Американын “Ага-Хан” билим таануу борборунун жардамы менен “Устат-шакирт” мектебин ачкан.
Нурак Абдрахманов 2014-жылы 26-майда бул дүйнө менен кош айтышкан.
Даярдаган: Тажиева Аима
Тренер: Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн