Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылында жайгашкан мектеп окуучуларын дене тарбия сабагына кызыктыруу үчүн «Народный Собор» коомдук бирикмесинин атынан колдоо көрсөтүлдү.
Аталган айылдагы Жаңы-Жер-2 толук эмес орто мектебинде атайын спорт зал жок. Бирок, бул айылда окуучулар дене тарбия сабагын кандай шартта болсо да үзгүлтүксүз өтүшөт. Кышында класстарда шахмат оюндарын уюштурушса, ал эми күн жылыганы таза абада топ ойногонду каалашат. Дене тарбия сабагынын мугалими Иван Иванов «Народный Собор» коомдук бирикмесинин атынан мектепке волейбол ойноочу тор жана топторду алып берди.
Самаган: «Мен өзүм дене тарбия сабагына кызыгам. Мен бул мектепке келип окуганыма 2 жыл болду. Буга чейин Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы мектепте окугам. Бул мектепке келгенде спорт зал жок экенин билип аябай таң калганмын. Эми мен үчүн дене тарбия сабагы кандай болот деп ойлогонмун. Бирок агайым Иван Иванов кышкысын класстарда ар кандай стол оюндарынын түрлөрүн уюштуруп жатты. Шахмат оюнун буга чейин көп ойночу эмесмин. Азыр жакшы өздөштүрүп калдым. Күн жылыганы эшикте ойноп жатабыз.»
Айдана Шарыпжанова