Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгиленип келет.
Миңдеген жылдыр өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.Элдик майрамды Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новое айылынын Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинде ,,Кел Ноорузум келе гой” аталышындагы салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чаранын башталышында башталгыч класстын мугалими Сонунбубу Жумадылова арча түтөтүп, жакшылыктын жышааны болгон каалоо — тилектерди тилеп ачып берди.
Андан соң 9 -10 — класстардын окуучулары алып баруучу бөлүшүп, иш-чараны программанын негизинде шаңга бөлөп алып барып жатышты.
Программа боюнча окуучулар созолонто ырдашып, кымча бел кыздар кыргыздын бийлерин бийлешип, комузда жана чыныда кол ойнотуу менен бирге кыргыздын улуттук салттарын, жөрөлгөлөрүн көрсөтүп берип жатышты. Салтанаттуу иш-чараны мектептин «Комуз» ийриминин жетекчиси Бүбүсара Жалалова жана ийримдин окуучулары комузда, чыныда жана баянда кол ойнотушуп, ырдашып көркүн чыгарды.
Иш-чарага айыл тургундары, ата-энелер жана Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинин эмгек жамааты конок болуп, күбө болушуп, алкоо сөздөрүн айтуу менен бирге ак батасын беришти. Ал эми мектептин администрациясынын атынан мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айдай Джолчубековна класс жетекчилерге, уюштуруучуларга, мектептин тарбия бөлүм башчысына жана жалпы 1-11-класстын окуучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен Ардак грамоталарды тапшырды.
Иш — чарада эң жакшы кыргыздын салтынан «Кызга сөйкө салуу» жөрөлгөсүн көрсөтүп берген 11-класстын окуучулары болсо, дубал газеталар арасында 4 -,,а” классынын окуучуларынын дубал газетасы «Эң жакшы» деп бааланды. Нооруз майрамы айыл тургундарынын катышуусунда боз үй тигилип, «Ынтымак» эс алуу борборунда өттү.
Нурайым Кеңешбекова, Аида Раджабова