Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айыл аймагы боюнча жаңы долбоор ишке киришти. Долбоорду “Тазар” ишканасы Жаңы-Жер айылынын администрациясы жана “Чек арасыз дарыгерлер” (MSF) эл аралык уюму менен биргеликте ишке ашырууда. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында кайра иштетилүүчү материалдарды чогултуучу экоборбор ачылды. Анда кайра иштетилүүчү заттарды товарга алмаштырууга болот. Айыл тургундары пластмасса, айнек, макулатура, полиэтилен, металл жана башка категориядагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Аларга кайра иштетилүүчү буюмдарды, макарон, самын, кайра иштетилген кагаздан жасалган даарат кагазы, окуу куралдары жана кайра иштетилген текстилден жасалган байпактарды алмаштырууга болот. Долбоор «Эко село» деп аталып Кыргызстандагы биринчи экопункт болуп ачылууда.
Жаңы-Жер айыл башчысы Бердибек Беделовдун билдирүүсү боюнча; «Жаңы-Жер айыл аймагында «Эко село» долбоору старт алды. Айыл тургундары жана коноктор таштандыларды тапшырып күнүмдүк колдонуучу каражаттарга, окуу куралдарын ала алышат. Жана ошондой эле дагы бир бөлүгүндө, үйдө колдонулбай калган буюмдарды, кийимдерди алып келип текчелерге коюп кетсе болот. Ал жерден муктаж айыл тургундары керектүү буюмдарды, кийимдерди акысыз алып кете алышат.»
«Чек арасыз дарыгерлер» уюму кайра иштетүүгө жарамдуу заттарды чогултуу үчүн контейнерлерди бөлүп беришти. Алардын айтуусу боюнча адистер айылдагы өнөктөштөр менен экопунктта тынымсыз иштеп, жашоочуларга жеткирүү эрежелерин үйрөнүүгө жардам берип, таштандыларды товарга алмаштыруу иштерин жүргүзүшөт.
“Тазар” ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айнура Сагын айткандай, балким, бул айыл өлкөдөгү таштандыларды таптакыр чыгарбаган биринчи айыл болуп калат деген ишенимдебиз.
Тazar экологиялык уюмунун максаты Кыргызстандагы таштанды таштоочу жайларга ташылган таштандылардын көлөмүн азайтуу.
Ал эми «Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) – табигый кырсыктарда, эпидемияларда жана куралдуу кагылышууларда медициналык жардам көрсөтүүчү көз карандысыз гуманитардык уюм.
Турсун Омуралиева