Бүгүн Нооруз майрамынын урматына Жайыл Районунун Суусамыр айылында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Анда Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган концерт болуп, концерттин соңунда келген конокторго кызыктуу оюн зооктор дагы болду.
Алгач Суусамыр айылынын 1982- жылкы тургундары айыл аксакалдарынын батасын алып, иш-чаранын алдында атайын даярдалган дасторконго наар татышты. Дасторкон ар бир келген конок үчүн жайылып турду. Нооруз майрамынын мааниси тууралуу кеченин ардактуу коногу Үсөн Бурканбаев кенен айтып берди:

«Нооруз майрамы бул эзелтен келе жаткан майрам, Нооруз деген сөз бул Перстердин тилинен алганда жаңы күн дегенди билдирет. Илгери өзүнүздөр билгендей кыргыздар Сактар анан Усундар деп айтылып келген жана кыргыздар дал ушул элден келип чыкканбыз. Анан ошол элден Улус деген хан чыккан, карапайым элден эле келип чыккан жана ал убакта согуш, уруш деген болгон эмес элдер ынтымакта жашашкан. Дал ошол Улус хан тактыга келген күн ушул күн менен түндүң теңелген күнүнө дал келген. Ошондон бери Нооруз иайрамы майрамдалып келет. Ал эми Ирандар болсо бул майрамды эки жолу белгилешет, себеп дегенде күн менен түн сентябрь айы дагы теңелет, биз ошол нерсени дагы эске алышыбыз керек.
Ал эми сүмөлөктүн келип чыгышы болсо бул, илгери элдер жутка учурап калган маалда элдер кимде эмне болсо ошону алып чыккан. Кимде талкан, кимде дагы бир дандын башы, кыскасы үйдө эмне болсо ошону алып чыгып чогуу жазашкан. Дал ошол эл чогулуп жаткан маалда тогуз баласы бар жалгыз бой эне үйүндө эч нерсе жок болгондуктан тогуз баласына тогуз ташты таптаза кылып жуудуруп туруп, ошол тогуз ташты казанга салган. Казанга сүмөлөктүн алдына тогуз таш салып кою ошондон улам калып калган.
Кыргыз элиме кааларым элибизде тынччылык болсун, токчулук болсун. Балдарыбыз жамандык көрбөсүн деп кетмекчимин».
Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган концертке жергиликтүү эл адаттагыдан көп келип, жагымдуу маанайда көнүл ачып отурушту. Концерттин катышуучулары борборубуз Бишкек шаарынын музыкалык искутво жаатында билим алып келген, Суусамыр айылынын студенттери болду. Концерт аяктаган соң, атайын уюшулган оюн- зооктор оорун алды. Анда кыз-келиндер ортосунда аркан тартыш чака чабуу, ал эми мырзаларга гира көтөрүү, аркан тартышуу, чака чабуу оюндары болду. Оюндарга катышкан тайпаларга Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар дагы тапшырылды. Иш- чара тууралуу Айыл аймактык аялдар кеңешинин төрайымы Нурзат Райымбекова айтып берди :
«Чынында бүгүнкү майрам өтө жагымдуу өтүп жатат, келген меймандардын дагы көңүлү жогору болуп жатат десем дагы болот. Ал эми бүгүнкү күндүн өткөн жылдардан өзгөчөлүгүнө кайрыла турган болсом, бул жылына оюндарга мырзалар гана катышып келген болсо, бул жылы кыз-келиндерге дагы оюн зоок каралыптыр. Бул дагы чон жетишкендик десем болот. Уюштуруучуларга дагы чоң рахмат, ушинтип элдин маанайын көтөрүп, жогорку деңгээлде концерт уштуруп беригендерине. Иштерине ийгилик, ал эми кыргыз элиме тынччылык каалайм» .
Айтурган Кушкарбекова