Бүгүн Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде Нооруз майрамына арналган сармерден оюну болуп өттү.
Концертке мектеп окуучуларынын жогорку классынын окуучулары катышып, келген күйөрмандарына майрамдык маанай тартуулашты.
Андан тышкары иш- чарага Айыл аймактык аялдар кеңешинин төрайымы Нурзат Райымбекова келип, калыстар тобунун катарын толуктады. Концертке келген күйөрмандар кыргыз улуттук ыр, бий, макал лакаптар, жаңылмачтар жана башка оюн- зоокторго күбө болушту. Концерттин коногу жана калыстар тобунун мүчөсү Нурзат Райымбекова иш- чара тууралуу төмөнкүчө оюн билдирди:
«Мен үчүн бүгүнкү иш- чарага келип, катышып кетүү бул сыймык. Алдын ала ушу окуучулардын мугалимдерине ыраазычылык билдиргим келди, себеби бүгүнкү ич чарага ушунчалык бир жоопкерчилик менен окуучуларды даярдашыптыр. Биздин мектептин окуучулары дагы азамат! Өзгөчө эрке кыз менен эрке баланын образын өтө жогорку деңгээлде аткарып беришти десем жаңылышпайм. Биздин мектепте ушундай таланттардын бар экендиги сүйүндүрөт. Мен бул окуучлардын таланттары мындан ары дагы өсүп, өркүндөй берсин демекчимин».
Айтурган Кушкарбекова