Жыл сайын 50гө жакын чет өлкөлүк ыктыярчы Кыргызстанга келип, мектептерде эмгектенет. Алардын бири 24 жаштагы Джонатан. Ал Ак-Талаадагы мектепте дээрлик эки жыл англис тилин үйрөттү. Аны менен бирге иштешкен Мөөркан Жумакадырова, окуучулар ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө абдан кызыгат дейт.
24 жаштагы Джонатан Лиу Кыргызстанда дээрлик эки жыл ыктыярчы болду. Ал АКШнын Калифорния штатынан 2018-жылы келген. АКШнын Кыргызстандагы Тынчтык Корпусу тарабынан Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мектепте окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен өзү да кыргыз элинин каада-салтын, тилин өздөштүргөн.
Ушул жылдын март айында Тынчтык Корпусу дүйнө жүзүндөгү бардык ыктыярчылык иш-чараларды COVID-19 вирусунун жайылып жатышына байланыштуу убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, бардык өлкөлөрдөн ыктыярчыларды абал турукташканга чейин алып кеткен. Мындан улам, Джонатан дагы Тынчтык Корпусунун башка ыктыярчылары сыяктуу өз мекенине кайткан. Ал азыр Америкада туруп, Кыргызстанга болгон сагынычын билдирди.
— Америкага келгениме эки ай болду. Бирок, албетте күнүгө Кыргызстан жөнүндө ойлонуп жатам. Мен Кыргызстанды сагындым. Кыргыз жергесинде менин кыргыз үй-бүлөм бар. Тамактарын да аябай сагындым. Менин жеңем тамактарды даамдуу жасайт. Кыргызстанда эки жылга жакын болдум. Биринчи барганда кыргызча жакшы сүйлөй албачумун. Салт-санаа жана маданият менен таанышып жаттым. Дээрлик жарым жыл аралыгында Кыргызстанга көнүп кеттим. План боюнча биз октябрь айында келмекпиз. Ошондуктан, бир аз капа болуп жатам. Кээ-бир долбоорлорум бүткөн жок. Бул мен үчүн өкүнүчтүү. Бирок дагы эле, Кыргызстанда өткөргөн эки жылды эң жакшы деп сүрөттөймүн. Аябай жакшы адамдар менен тааныштым, ошон үчүн мен аябай кубанычтамын. Мен Кыргызстан жөнүндө ойлогондо, негизинен жакшы нерселерди эстеймин.
Джонатан менен биздин маектешүүбүз кыргыз тилинде болду. Биз жөнөткөн суроолорго котормочусуз жооп жазган ыктыярчы, кыргыз тилин үйрөткөн агайга ыраазычылык билдирди.
— Мен кыргызча сүйлөй алам, анткени биз келгенде күнүгө кыргыз тил сабактарына барчубуз. Ошондой эле, биз кыргыз үй-бүлөлөр менен жашадык. Алар бизге көп жардам беришчү. Менин мугалимим Чынгыз агай дагы мыкты агай. Мен ага аябай ыраазымын. Ал бизге грамматиканы так түшүндүрүп, үйрөттү.
Джонатан кыргыз тилин өздөштүргөнүнө кубанса, англис тил мугалими Мөөркан Жумакадырова ыктыярчыдан көп жакшы нерселерди үйрөнгөнүн билдирди. Ал Джонатан менен мектепте бирге иш алып барган. Чет өлкөлүк ыктыярчылардан жашоого керектүү көндүмдөрдү үйрөнүүгө болот деген тил мугалими, окуучулар ыктыярчылар менен бирге өткөн сабактарга абдан кызыгарын баса белгиледи.
— Ыктыярчылардан биз көп эле нерсе үйрөнө алабыз. Эң негизгиси – бул тайм менежмент. Алар убакытты туура пайдалануусу, план менен жашоосу жана ар дайым позитивдүү жүрүүсү менен өзгөчөлөнөт. Алар тааныбаган адамдары менен деле учурашып, ар дайым жымайып турушат. Дагы бир өзгөчөлүгү, таң аткандан күн батканга чейин ошондой позитивдүү маанайда болот. Өздөрү да ошого аракет кылат экен. Мен ушул сапаттарды өздөштүрө алдым. Ошондой эле убакытка абдан так. Пландалган жерге убагында келишет. Анан бир күн, бир ай, бир жыл, он жылга план коюп, ошого жараша максатуу жүрүшөт. Англис тилин көп колдонбой, жумушта эле колдонгондуктан, кээ бир сөздөрдү унутуп калабыз. Ал эми ыктыярчылар тил үйрөнүүгө абдан жардам берет. Айылга дагы чакырса болот. Ал үчүн билдирүү жөнөтүү керек. Ал эми биз жашаган аймакта да ыктыярчыларды чакырууга кызыккандар абдан көп. Өзгөчө мектеп окуучулары. Анткени, алар ыктыярчылар менен бирге сабак окуганды жакшы көрөт. Кызыгып окушат.
Ыктыярчыны кантип жашаган жериңизге чакыра аласыз?
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин алгачкы тизмесин бергенден кийин, Тынчтык Корпусунун кызматкерлери министрликтин өкүлдөрү менен кызматташтыкта мектептерди тандоонун жана аларды ыктыярчыларды кабыл алууга даярдоонун үстүндө иш алып барышат. Алгач, мектептин директору жана англис тил мугалими шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрүнө Тынчтык Корпусунун ыктыярчысын кабыл алууга кызыкдарлыгы тууралуу кайрылат.
Кыргызстанга АКШнын ыктыярчылары 1993-жылдан тарта келе баштаган. Ошол жылы Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган расмий макулдашуунун негизинде Тынчтык Корпусу ачылган. Ошондон бери Кыргызстанда англис тилин окутуу долбоору ишке ашырлып келет. Жыл сайын 50гө жакын ыктыярчы келип, эки жыл бою жергиликтүү мектептерде эмгектенишет.
Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары сабактан сырткары англис тил ийримдерин, айрыкча окуучулардын кызыгуусун арттырган спорт, дүйнөлүк маданият жана турмуштук көндүмдөр сыяктуу ар түрдүү темадагы ийримдерди өткөрүшөт.Ошондой эле алар, каникул учурунда жаштар үчүн англис тилин жакшыртууга жана турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган лагерлерди уюштурушат.
Жергиликтүү мугалимдер Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары менен бирге иштешүүнүн негизинде тилди алып жүрүүчүлөр менен күн сайын англис тилинде сүйлөшүү, окутуунун жаңы ыкмалары менен таанышуу жана кесипкөйлүк жактан өнүгүү мүмкүнчулүктөрүнө ээ болушат.
Ошондой эле айрым ыктыярчылар мугалимдер үчүн тренинг, ден соолукту чыңдоо, турмуштук жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүү сыяктуу жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында кичи долбоорлорду жамааттар менен бирге аткарышат.
Касиет Кубанычбек кызы