Учурда «Омикрон» штаммы өлкөдө кеңири тарап баарыбызды тынчыздандырып турат. Бул штаммдын клиникалык симптомдору белгисиз болгондуктан адистер жөнөкөй эле тумоо менен айырмалоо кыйын экенин айтышат.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы Үркүнчиев Сыдык атындагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери – Асанбүбү Садыкова учурдагы абал тууралуу төмөнкү маалыматтарды берди:
Дарыгер- Асанбүбү Садыкова
«Омикрон» штаммы боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эмдөөлөрдү жасап атабыз, тилекке каршы көпчүлүк адамдар вакцина алуудан баш тартып жатышат. Бул вирустун жугуштуулугу өтө жогору. Ооругандардын саны көп, бирок биз лабораториялык жактан анализ чыгара албагандыктан «Омикрон» штаммы деп айта албайбыз. Айыл өкмөттө, бала бакчада иштеген кызматкерлерге, мугалимдерге эмдөө жүргүздүк. Учурдан пайдаланып айыл тургундарын вакцина алууга активдүү катышып берүүгө чакырам».
Ооругандардын арасында наристелер да бар
Вирустан сактануунун эң эффективдүү жолу-вакцина алуу
Акжолина Асаналиева