Нарын районуна караштуу Оттук айылында Кары Курманов атындагы борбордук көчөгө шагыл төшөлүп, түздөө иштери жүргүзүлдү. Бул боюнча Он-Арча айыл аймагынын айл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Мамбеткулов төмөнкүлөрдү билдирди.
Чыңгыз Мамбеткулов
«Жолдордун бузулушуна байланыштуу быйылкы жылдын планына Оттук айылындагы Кары Курманов көчөсүн оңдоп түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом каралган. Ал каражатка 42 оор жүк ташуучу машина менен шагыл төгүлүп, беш километр жол кеңейтилип, түздөлдү. Буюрса жакынкы пландарыбыздын бири болуп айылдагы көчөлөрдү кеңейтүү жана түздөө саналат.»
Кары Курманов көчөсү
Заканальная көчөсү
1600 гө жакын калкы бар Оттук айылында үч борбордук көчө жайгашкан. Буга чейин аларга оңдоп түзөө иштери жүргүзүлө элек болгондуктан, 2022-жылдан тартып жергиликтүү бийликтин иш планына киргизилди.
Акылай Алмазбекова