“Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын” алкагында “Поэзия зомбулукка каршы” кербени уюштурулду. Анын максаты өлкөнүн аймактарындагы жаштардын гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын өнүктүрүү жана аны алдын-алуунун маанилүүлүгү боюнча маалымдоо болуп саналат.
Аталган поэзия кербени Ош, Нарында жана Бишкек шаарында өткөрүлдү. Иш-чарага «Поэзия сени сүйөм» поэтикалык жыйнактын автору.
«Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын ээси, акын, журналист-Нуркыз Рыскул кызы,
А.Осмонов атындагы адабий сынактын ээси, акын, бир канча китептин автору, алып баруучу- Акбар Кубанычбеков, акын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча китептердин автору- Бердибек Жамгырчиев, акын, Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси.
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун «Беш акын» телетаймашынын жеңүүчүсү- Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү-Мелис Маматжан уулу катышышты.
Акындар поэзия аркылуу эл үчүн маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды түркүн түстүү, эмоционалдуу, калыс жеткире алышат. Поэзия кечесинин көрүүчүлөрүн акындар чыгармалары аркылуу, сезимдерге, башынан өткөн окуяларга терең сугарышат. Поэзия кечелери калк үчүн маалыматтык-агартуу кампаниясынын өтө эффективдүү, эмоционалдуу жана интерактивдүү куралы болуп саналат.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондун долбоор координатору Чынара Абдраимакунованын айтымында аталган акция учурдагы көйгөйлүү маселе болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, аялдарга кыздарга карата көрсөтүлүп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын- алуу максатында уюштуруп жатат:
“Кыргыздын генетикалык кодунда акындардын орду чоң болгондуктан зордук-зомбулукту алдына алууну дал ушул поэзия, акындар аркылуу берели дедик. Биздин максаттуу аудитория жаштар. Анткени так ушул жаштар айтып жатышат социалдык медиадан жалаң гана негативдүү маалыматтарды окуп жатышканын. Бул акциядан пазитив алып мындай кадамдарга барбоо керектигин түшүндүк деген ойлор айтылды. Эл позитивге суусап турганын билдик.”
Жаштар арасында COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттеринен келип чыккан психологиялык стресстин жана тынчсыздануунун деңгээли да жогору болуп турат. Бул жагынан алып караганда, акындардын ырлары да арт-терапиянын элементи болуп саналат жана көрүүчүлөрдү эс алдыруучу таасирге ээ.
Бишкек шаарында өткөн поэзия кербенинин катышуучулары
Акциянын негизги максаттуу аудиториясы жаштар (17-25 жаштагы балдар жана кыздар). Статистика көрсөткөндөй, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу боюнча кылмыштарды көбүнчө 18-24 жаш курактагы жаштар жасашат. Жаштардын көпчүлүгү ички жана тышкы миграция процесстерине жигердүү катышышат жана өз коомчулугунан алыс болгон учурда алар азыраак көзөмөлгө алынат, бул көбүнчө аларды укук бузууга түртүшү мүмкүн. Өлкөнүн аймактары үчүн бүгүнкү күнгө чейин жаштар арасында турмушка чыгуу максатында кыздарды ала качуу маселеси көбүрөөк мүнөздүү.
Маданияттын мыкты кызматкери, акын Нуркыз Рыскул кызы коомчулуктагы болуп жаткан маселелерге кайдыгер кароогоо мүмкүн эмес экендигине токтолуп, жүрөктүн үшүн алган жаңылыктарды көргөндө тынчысыздануу пайда болуп көкүрөктөн ырлар жараларын айтат. Зордук- зомбулукка көпчүлүк учурда аялдар туш болгондуктан мындай ырларды жазуу менен аялдар эч качан ыйлабаса деген тилек бар. Анткени, баары бир аялсыз үйдүн көркү жок, аялсыз жашоо жок:
Ушул кир дүйнөдөгү —
аруулук жалгыз гана балдарда да…
Алар дем берет бизге,
Асманың жерге кулап калганда да…
Жаңылык уккан сайын,
Жашаштан кадимкидей жан түңүлөт!
Коркуудан купкуу тарткан жүзүбүзгө,
Качан бир кубанычтан кан жүгүрөт?
Мынчалык коркпойт адам,
Ажалдын так алдына барганда да,
Өз кызын уйпалаган,
Өзөгүн куйкалаган,
Мынчалык ыпластык,
Болбойт эй керек болсо айбанда да!
Мен коркпойм,
Жанымды сууруп кетчү өлүмдөн да,
Жатуучу түбөлүктүү көрүмдөн да.
Коркомун адам сымал эки буттуу,
Мыкаачы зөөкүрлөрдөн,
Өз кызын өзү кордоп басып жүргөн дөөпүрлөрдөн!
Адам деп кантип айтам мындайларды,
Айбандан жаман ишти кылгандарды?
Айтматов айтып кеткен
Маңкурт заман,
Манкурт адам…
Биз жашап жаткан коомдо басып жүрсө,
Өзүнүн атасынан кордук көрүп,
Өңүнөн секелек кыз азып жүрсө…
Мен кантип коркпой жашайм?!
Оң көзүм сол көзүмдөн корккон заман,
Аталар өз кызына аңги болгон,
Алсызга алдуулары корстон заман!
Алдынан чыккандарды айрый тарткан,
Ач күзөн ажал сындуу жорткон заман!
Өзгө эмес сырттан келип кол салуучу,
Өзүңдүн атаңдан да корккон заман!
Бул коомдун бөбөктөрү,
Булганган адамдарга кантип түтөт?
Деги ким мындайларга жаза берип,
Деги айтчы качан бизге тартип бүтөт?
Өзүнүн үйүндөгү аска-зоосу,
Өзүнүн чүрпөлөрүн булгап жатса,
Эми-эми гүлдөй турган секелектин,
Тамыры балта тийип кургап жатса,
Ким коргойт бөбөктөрдү!
Көзүмдөн аккан жашым көнөктөдү!
Мээрим жок болсо үйдө, мээрим бар кай жактарда, бөлөктөбү?
Каңырык түтөп турат,
Каңырсып чыккан жыттан өзөктөгү…
“Ырларды окуганда поэзия сүйүүчүлөрдүн катары өсүп жатканы кубандырды. Бирок, коомчулуктагы зордук-зомбулук туурасында ыр окуганда маанайлары түшүп калып жатты. Аны кайра көтөрүү үчүн биз жакшы маанайдагы бактылуу үй-бүлө, үйдөгү атанын, эненин орду, бактылуу балдардын коомго тийгизген таасири туурасында ырларды окуганда маанайлары көтөрүлүп жатты. Ушундан улам байкап жатабыз ыр көбүрөөк таасир берет. Кыргыздардын табиаты ырга жакын болгондуктан анын менен термелет экен.”
«Поэзия зомбулукка каршы» кербени “Теңдик нуру” глобалдык демилгесинин алкагында уюштурулуп жатат. Программа БУУнун Туруктуу Координаторунун Кеңсесинин жалпы координациялоосу жана агенттиктердин – БУУнун Аялдар, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, БУУнун түздөн-түз катышуусу жана ошондой эле калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) Европа Бирлигинин (ЕБ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Айгерим Кубатбекова