Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, тигүүчүлүк кесибинде окуган кыздардын дээрлик көпчүлүгү улуттук этнографиялык жасалгаларды, элдик кол өнөрчүлүктү, узчулукту, оймочулукту, саймачылыкты үйрөнүп өздөштүрүүдө.
Ар бир улуттун жашоо, жаратылыш, мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиясына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү болот. Мына ушундай кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына жараша өнөрүн өркүндөткөн Нургүл Абылкасымова менен Айчүрөк Байбосунова кесиптик лицейде көп жылдан бери эмгектенишет.
Ургүл Абылкасымова: «Илгерки көчмөн кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнөн дагы алардын дүйнө таанымын, табиятка, ааламга, жаратканга болгон мамилесин, жашоо-турмушун чагылдырып турган терең тарыхын таанып билүүгө болот.
Азыркы күндө инновациялык технология заманы өнүккөн доордо дагы кыргыздар байыртан келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө аракет кылып, дүйнөлүк масштабда көргөзмөлөргө, конкурстарга, фестивальдарга катышууда. Бул биздин эл үчүн эң чоң жетишкендик. Интернет булактарынан, телерадио жаңылыктарынан бул өнөрчүлүк жөнүндө жакшы маалыматтарды угуп көрүп сүйүнүп калабыз.»
№43 кесиптик лицейдин окуучусу Азиза Керимбаева: «Тигүүчүлүк кесипке окууга кичинемден эле кызыгып келгем. Айылда кол машинада тиге берчимин. Эжекемөтө чебер уздардын бири. Шырдактарды, курактарды укмуш жасайт. Ал дайыма айтат: “Чүпөрөктүн кесиндисин көп коромжу кылба. Ысырапчылык жокчулукка алып келет. Ар нерсени коромжу кылбай үнөмдүү пайдалан”,-деп. Көрсө туура эле айтат экен. Мен бул сөздөрдү азыр түшүнө баштадым.»
Чындыгында бул лицейде ысырапчылыкка жол бербей, үнөмдүүлүккө тарбиялап окутуу негизги максат. Ал эми лицейде атайын «Эки кийимдерге экинчи жашоо берүү же болбосо таштандыдан киреше табуу» деген кол өнөрчүлүк музейи бар.
Турсун Омуралиева