Кулатов айылында спорттун эркин күрөш багыты боюнча 200 окуучу катышат. Жетишкендиктери арбын. Бирок толук кандуу машыгуу үчүн балдарга зал жетишсиз. Учурда машыктыруучу жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул ма маселени чечүү үчүн аракетти башташты.
Балдардын жетишкендиктери
Кулатов атындагы эркин күрөш багыты боюнча машыктыруучу Орозбек Абдулахап уулу
Самат Абдырахманов менен жолугушуу
Эркин күрөш менен машыккан Бекин Мамажусунов
Эркин күрөш менен машыккан Бекин Мамажусунов:
«Мен 6-класста окуймун. Эркин күрөш спорту менен 1 жылдан бери машыгам. Мен спортко кичинекей кезинден кызыгам. Себеби ден-соолугуңа пайда жана таза жүрөсүң. Ушундай мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Агай менен машыгып көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Мен 2 медаль ээси болдум.»
Кулатов айылынын эркин күрөш багыты боюнча машыктыруучу Орозбек Абдулахап уулу:
«Мен спорттун эркин күрөш багыты боюнча 1 жылдан бери машыктырам. Жалпы Кулатов айылдын балдары катышууга мүмкүнчүлүк бар. Жалпы 200 окуучу машыктырам, Бөкөнбай айылында да машыктыруучу болуп иштейм. Октябрда болуп өткөн облустук турнирде 5 окуучу ийгиликтерди жаратты. Өзүм 5 жыл спорттук академияда окуганмын.
Спорт зал салалы деп демилгени көтөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түзүлдү. Бизге айыл өкмөт тарабынан, жеке ишкерлер тарабынан жардамдар көрсөтүлөт. Кыргызстандын желегин желбиреткен мыкты спортчу Самат Абдырахманов менен жолугушуу болду. Балдарга болгон шыктандыруучу сөздөрүн айтып, кандай максат коюну үйрөтүп кетти. 27-декабрь боло турган Бишкектеги чоң турнирге 8 окуучуну жөнөткөнү турабыз. Азыр ата-энелери менен макулдашып жатабыз. »
Жетишкендиктери
Чынара Көчкөнбаева, Айзирек Мурзабекова