
Коомдук ишмер Исманали Карабаев
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул жолугушууга ар кайсы тармактардан, анын ичинде өлкө аймактарынан тандалып чакырылган ишкерлердин ичинен Сүлүктү шаарындагы “Кызыл-Булак” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, коомдук ишмер Карабаев Исманали Джумабаевич катышты. Президент менен болгон жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгонун, кандай маселелер көтөрүлгөндүгүн Исманали Карабаев маалымдайт.

Жыйындын соңунда И. Карабаев
“Президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусунун максаты Кыргызстанда биснес чөйрөнүн өкүлдөрүн колдоо, коргоо болду. Мамлекет башчысы ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулады.
Мындан тышкары, бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болду.
Баткен облусу боюнча катышкан беш өкүлдүн бирөөсү катары мен Президентибиз Садыр Нургожоевич менен жолугушуу учурунда 2021-жылдын май айынан баштап Кыргыз-Тажик чек арасы толук жабылганынан улам Сүлүктү көмүр кендеринен өндүрүлгөн көмүрдү экспорттоодо жаңы экономикалык мамилелерди түзүү керек экендиги боюнча маселе көтөрдүм. Көтөрүлгөн маселе дароо колдоого алынды. Жыйын соңунда өндүрүшүбүздү инновациялык өндүрүү боюнча чечимдер кабыл алынды”-деп маалымат берди Исманали Карабаев.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов