Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, ашууларда, белдерде кар күрткүсү пайда болуп, автоунаалардын жүрушүнө кыйынчылык жаратып жаткандыктан Ак-Талаа районунун аймагындагы Молдонун бели, МЭЛС, Ак-Мойнок ашуулары жаз келгенге чейин убактылуу жабылды.
Райондогу №15 жол тейлөө ишканасына ашуулардагы белгилүү жерлерге жолдун жабылгандыгы тууралуу жол белгилерди коюу жана автоунаа өтпөгүдөй кылып тосуу жагы тапшырылды.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким С. Черибаевдин айтымында, жолдорду убактылуу жабуунун максаты — райондун аймагындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө. Учурда бул тууралуу калкка түшүндүрүү иштери жургүзүлүүдө.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн