Сүлүктү шаарынын мэри Р. Абдыназаров шаар боюнча окууда, спортто жана коомдук иштерде ийгиликтерге жетишкен, алдынкы 2 окуучуга Кыргыз Республикасынын Президентинин, 8 окуучуга Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн жана 200 окуучуга шаар мэринин жаны жылдык белектерин тапшырды.
Сүлүктү шаарынын мэри алдынкы окуучулар менен
Шаардын мэри жана вице-мэри белектерди тапшырууда
«Быйыл пандемия шартына байланыштуу окуучуларга Президенттин, облус башчысынын жана шаар мэринин Балаты майрамдарын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондой болсо да алдынкы окуучуларга жаңы жылдык белектер тапшырылды. Шаарыбыздын мэри Рахманберди Абдыназаров быйыл 200 балага белек тартуулады. Анын ичинен 47 бала Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп интернатында башталгыч класста окуп жаткандар», — деп маалымат берди Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
Президенттин белегин алган окуучулар
«Бүгүн көптөгөн окуучулар Президенттин, облус жетекчисинин жана мэрдин жаңы жылдык белегин алышты. Мен үчүн күтүлбөгөн жакшы жаңылык болду, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиремин»- дейт №9-гимназиянын 10-классынын гимназисти Адылбек кызы Жаркынай.
Барчынай Алимова