Курстун уюштуруучусу Нуриза Момунова
Учурда Кыргызстанда китеп дүйнѳсү кеңейип, алдыга карай арышын кенен таштап баражатат. Китептер кыргыз тилине которулуп, белгилүү романдар жаңы басылды, кыргыз китеп дүкѳндѳрү атаандаштык менен иштеп жатат. Эми мунун баарына жетишүү үчүн китепкѳйлѳр тез окууну ѳздѳштүрүүлѳрү керек. Кантип?
Сүлүктү шаары боюнча билим берүүдө көч башында келе жаткан №9-мектеп гимназиясынын эмгек жамаатынан маалымат алдык.
Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги” Базаргүл Рустамовадан маалымат алдык. ”Компьютердик-техниканын заманында китеп менен достукта жашоо ырахат болсо, аны тез окуу менен эске сактап калуу – чоң жеңиш. Гимназиябызда бардык окуучуларыбызды тез окуу деген кызык дүйнѳгѳ чакып келебиз. Тез окуу – ѳзгѳчѳ ыкмаларды колдоно билүү менен тексттеги маалыматты тез түшүнүп алуу. Кѳпчүлүк бир мүнѳттѳ 120-180 сѳз окушат. Педагогикалык практикабызда изилдѳѳнүн жыйынтыгы 60 сѳздү тѳмѳнкү кѳрсѳткүч деп таап, жогорку кѳрсѳткүч 523 сѳз болгон.
Демек, адам ортоңку кѳрсѳткүчтѳ болуусу үчүн бир мүнѳттѳ 201-250 сѳз окушу керек. Ал эми тез окууну ѳздѳштүрүү менен бул кѳрсѳткүчтү 3-4 эсеге кѳбѳйтүүгѳ болот. Учурда өзүбүздүн окуучубуз Момунова Нуриза тез окуу боюнча атайын даярдыктан өтүп, билимин бөлүшөйүн деп кыска мөөнөттүү тез окуу курсун ачып жатат. Каникул мезгилинде окуучуларыбыз үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк”,- деп маалымат берди Базаргүл Рустамова.
№9-мектеп гимназиянын директору Рустамова Базаргүл
Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын башталгыч класстар мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги Диларам Абдуруповадан маалымат алдык. “Тез окуу үчүн эмне керек?
1. Каалоо, кызыгуу. 36 тамганы тааныган ар бир адам тез окууну ѳздѳштүрѳ алат. Болгону, анда тез окууга болгон терең кызыгуу менен ѳздѳштүрүү үчүн чексиз каалоо болушу керек.
2. Ишеним. Тез окууга жетишүү үчүн бир канча кѳнүгүүлѳрдү жасап, машыгууга туура келет. Ал кѳнүгүүлѳрдү ар бир адам ѳз алдынча жасаса болот. Алар 7 жаштан 70 жашка чейинки бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү. Болгону, ал машыгуулар сизди тез окууга жеткирерине ишенишиңиз шарт.
3. Аракет. Эч бир ийгилик аракетсиз болбойт. Тез окууну ѳздѳштүрүү үчүн да күн сайын бир маал убакыт бѳлүп, машыгууну токтотпоо керек. Кокус эле аракетиңиз токтоп калса, мүнѳт сайын кѳбѳйүп бараткан сѳздѳр артка кетип кемип баштайт. Ошондуктан ата-энелерге каникул мезгилинде балдарды Момунова Нуризанын курсуна катыштырса деп сунуш берет элем. Нуриза менин башталгыч класстагы окуткан окуучум, ар дайым өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасайт”- маек берди Диларам Абдурупова.
Гимназиянын эмгек жамааты
“Тез окууга жетиш үчүн алгач кээ бир эрежелерди так сактоо зарыл. Денени түз кармоо керек. Башты кыймылдатпоо керек. Тез окууга жетелеген кѳнүгүүлѳрдүн баары бир гана кѳз, карек менен жасалат. Кѳнүгүүлѳр менен машыгуу маалында башыңызды миллиметрге да жылдырбаңыз. Кѳздү эс алдыруу. Кѳнүгүү жасоодо да, китеп окууда да кѳздү эс алдырып туруу зарыл. Ал үчүн алгач эки алаканыңызды бири-бирине сүртүп, жылытыңыз. Эми алакандын отун кѳздүн так тушуна коюп басып туруңуз. Алакандын тегерек чети кѳздүн чарасын таяп турушу керек. Каректи катуу басып алуу туура эмес. Ушул сыяктуу эрежелери бар. Миң уккандан бир көргөн дегендей курска катышып үйрөнгөн жакшы”- дейт №9-мектеп гимназиясынын Акыл эмгегинин маданияты предмети боюнча мугалими Бакытбек Сапаркулов.
Акыл эмгегинин маданияты предметинин мугалими Бакытбек Сапаркулов балдары менен
“Көптөн бери тез окууну үйрөнүүнү каалап жүргөндөр үчүн «ТЕЗ ОКУУ» курсун ачтык. Анда 15 күндө тез окуганды үйрөнсө болот. Курстун өзгөчөлүгү: эс тутумду жакшыртасыз, текстти 4-5эсе тез окуйсуз, көзүнүздүн көрүү талаасы кенейет, тез окууга эмне кедергисин тийгизерин билесиз.
Бат окуунун ыкмалары жана башка кызыктуу көнүгүүлөр. Курс 14-июнда башталат. 10 жаштан баштап 55 жашка чейинкилер катталса болот. Биздин дарек: Сүлүктү шаары, Кош-булак аймагы, Дзержинский көчөсү » Тил борбору» Байланыш үчүн: 0703288280 номерине чалыныздар”- деп Момунова Нуриза маалымат берди.
Тез окууну өздөштүрүү канчалык маанилүү?
Айзада Эркинова