Иллюстрациялык сүрөт
Бүгүнкү күндө эмдөө маселеси кайрадан актуалдуу болуп жаткан учуру. Интернет булактарынан маалым болгондой Кыргызстан жалпы вакцина же болбосо эмдөөгө жылына 83-84 млн. сом каражат бөлөт. Сүлүктү шаары боюнча азыркы учурда айрым оорулардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан эмдөөдөн жана COVID-19 ооруусуна каршы эмдөөдөн баш тарткандар барбы?
Бул боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилеринен маалымат алдык.
Сүрөттө оңдон солго карай биринчи турган башкы санитардык врач М. Исканов
“Биздеги маалыматка ылайык, 2021-жылы эмдөөдөн баш тарткан кишилер көп болууда. Алардын ичинен 68% өз чечимин диний көз караштар менен негиздеген, башкача айтканда айрымдар вакцинанын курамында мусулманчылык арам кылынган нерселер аралаштырылган деген менен түшүндүрүлөт. . Ал эми баш тарткандардын 15% вакциналардын сапатынан күмөн санагандар. Калгандары маалымат жоктугунан вакцина албайт. Вакциналардын сапатынан күмөн санагандар көбүнчө Россия же башка жактарда иштеп келген жарандар. Албетте бул чындыкка дал келбеген маалыматтар”- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов
Сүрөттө солдон оңду карай экинчи турган Сүлүктү шаары боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Асатбек Ибрагимов
«Азыр бизде эмдөө Өзбекстандагыдай милдеттүү түрдө киргизилген эмес. Өзбекстанда эмдөөдөн баш тарткандар жазаланат. Мындай көрүнүш улана берсе «эпидемиологиялык жактан таза эмессиңер» деп бизге же туристтер таптакыр кирбей коет же кирген туристтерден ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Азыр Европада кызамык күчөп жатат. Орусиядан мигранттарыбыз аркылуу ал бизге да келип жугушу мүмкүн»- деп маалымат берди Сүлүктү шаары боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Асатбек Ибрагимов.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов