Кыргыз Республикасы боюнча бардык жерде 31-август Эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Эгемендүүлүк майрамы менен кошо кенчилердин кесиптик майрамы да белгиленүүдө. Удаалаш келген майрам менен шаар калкына депутаттардын Сүлүктү шаардык Кенешинин төрагасы Каныбек Исмаилов куттуктоо жолдоду.

Сүлүктү 150 жыл юбилейлик медалы
«Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары! Ардактуу кенчилер!
Баарыңыздарды бүгүнкү удаа келген Кенчилердин кесиптик майрамы менен жана Эгемендүүлүк күнү улуу майрамыбыз менен чын дилимден, Сүлүктү шаардык Кенешинин Депутаттарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!
Эркиндик — ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт. Урпактан урпакка өтүп келген көөнөрбөс мурас. Канча кылымдар өттү, канча муундар алмашты. Канча өмүрлөр кыйылып, канжыгада баш кетти, найза учунда жан кетти…
Бирок, эркиндикти сүйгөн кыргыз жүрөгүндө, эгемендик деген үмүт өчпөй, эркиндик деген эңсөө жашап келди.
Жыйырма тогуз жыл мурда Элибиздин бактысына келген, Көз карандысыздык — Жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди. Ошондуктан, бүгүнкү эгемендик — биздин гана энчибиз эмес, ата-бабаларыбыздын бизге калтырган аманаты, биз урпактарга жеткире турган милдет.
«Урматтуу Сүлүктү шаарынын тургундары! Күжүрмөн кенчилер!
Кезинде Орто Азиянын кочегары аталган, эмгекчил кенчилери менен данкталган Сүлүктү шаарынын эли, мурда Советтер Союзунун курамында болгон, боордош мамлекеттердин кенчилери менен бир катарда 1948-жылдан баштап, август айынын акыркы жекшемби күнү кенчилердин кесиптик майрамын официалдуу түрдө белгилеп келе жатабыз. Эгемендүүлү элибиздин колуна тийгенден баштап, өнүгүүнүн жаңы багытына түштүк. Бул Эл аралык денгээлдеги жана мамлекеттин ичиндеги экономикалык мамилелердин кескин өзгөрүүсүн шарттап, кыйынчылыктарды да жаратты. Өзгөчө борбордон эң алыс жайгашкан шаарыбыз үчүн, өндүргөн көмүрү Орто Азия жана Казакстанга чейин экспорттолуп турган көмүр өндүрүү тармагы үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Сүлүктүгө салыштырмалуу көп көмүр өндүрүп келген шаарлар, кыйынчылыкта жол таба албай, биротоло өндүрүшү токтоп, калкы тозуп кеткен учурларды эске алсак, Элибиз кандай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин элестетүүгө болот. Элибизден чыккан иш билги жетекчилерибиздин көсөмдүгү менен, күжүрмөн кенчилерибиздин ак эмгеги менен жана элибиздин сабырдуулугу, ынтымактуулугу менен экономикалык кризистен чыгып, шаарыбыз кайрадан өнүгүү жолуна түштү. Акыркы мезгилдерде кенчилерибиз Эл аралык денгээлде экономикалык мамилелерди түзүп, Европадан, Кытайдан, Россиядан жана кошуна мамлекеттердин заманбап үлгүдөгү унааларды, жабдууларды алып келип, өндүрүштү өркүндөтүүдө.

Кенчилер майрамынын иллюстрациялык сүрөт

Сүлүктү 150 жыл иллюстрациялык фото
Жогорудагы маалыматтарда көрүнүп тургандай, Эгемендүүлүгүбүз жана көмүр кенибиз-Элибиздин бактысы жана ырыскысы оңойчулук менен келген жок. Айтайын дегеним, ата-бабаларыбыздан мурас болгон Эгемендүүлүгүбүздү, көмүр кени ырыскыбызды көзүбүздүн карегиндей сактап, кези келгенде келечек муундарыбызга татыктуу өтөрүп берели.
Табигат менен таттуу мамиледе болуп, Элибизде ынтымак, жаштарыбыз билим-тарбиялуу болсо, максаттарыбыз орундалат. Жараткан Элибизге бакубат дөөлөт, бекем ден-соолук берип, ар кандай кырсыктардан, ооруу сыркоолордон сактасын.
Дагы бир ирет удаа келген майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен, Сүлүктү шаардык Кенешинин төрагасы Каныбек Исмаилов.
Анварбек Тухтаров