ИСУР коомдук фондунун колдоосу менен бир катар делегаттар Башкортостан республикасына геологиялык парк түзүү жана ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк тармагына катталуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында барып келишкен.
Тажрыйба алмашуу саякаты жөнүндө Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы бир катар долбоорлор менен иштешип келе жаткан Бегайым Мурзалиева айтып берди:

Бегайым Мурзалиева
«Салават районундагы Янган- Тау геопаркы илимий негиздердин негизинде түзүлүп, 2020-жылы 7-июлда ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк тармагына катталыптыр. Геопарктын аймагында эл аралык деңгээлдеги объектилер жайгашыптыр, алар: Мечетлино, Лука разрездери, минерал булагы Кургазак жана башкалар. Геопаркты башкаруу АО Янган -Тау санаторийи тарабынан жүргүзүлүп, жана илимпоздор, туризм тармагы, жергиликтүү ишкерлер өнөктөштөр катары катышат экен.

Кыргызстандан барган делегаттар

Геопарк Янган-Тау

Разрез Мечетлино

Геопарктын жалпы көрүнүшү (макет менен)
Андан тышкары биз Урманчин этно айылында болуп, айылдын жашоочусу Саид аялы экөөнүн маданий мурастарын ушул күнгө чейин сактап келгенине күбө болдук.

Урманчин этно айылынын тургундары
Башкыр бала Айрат Галиев бизди экскурсовод гид катары коштоп жүрдү. Айраттын өзүнүн өлкөсүнүн тарыхын билгендиги, ата-теги жөнүндө уламыштарды көп айтып бергендиги жана өз тилин унутпагандыгы мени кубандырды.

Башкыр бара Айрат Галиев
Ушул тажрыйбаларды пайдаланып биздин Кыргызстанда дагы келечекте Эл аралык деңгээлдеги геологиялык парк пайда болот деген үмүт менен кайра кайттык.

Жолугушууда көптөгөн маселелер жана кызматташуу талкууланды

Геопарк түзүүнүн негизги максаты- жаратылышты сактап калуу
Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Адилет Жумалиев шайланды
Асель Уркунбаева