Пандемия учурунда Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин окуучусу Шамил Рахатбек уулу аралыктан билим алып, бир нече сертификаттардын ээси болду.
Ал эми пандемияга байланыштуу экзамендердин жоюлушу боюнча 9-класстын бүтүрүүчүсү өз ою менен бөлүшүп кетти.
“Чынында башынан эле алганда пандемияда билим сапат төмөндөөгө дуушар болду. Бирден бир себеби, бул онлайн окуунун 100% пайдасын көрө албаганыбыз, көнбөгөндүгүбүз, онлайн окууну пайдала албагандыгыбыз болду деп ойлойм. Анан сыр болбогон болсо, пандемияда мисалы бир класста 23 бала болсо кайра ошонун баары жанталашып окуушу же дегеле окуп турушу таң калаарлык нерсе. “Онлайн окуп жатам” -дегени гана болбосо «окуу» жөнүндө сөз кылбагандар жок эмес.
-Эми жыл аягында консультациялар башталса , “Буга чейинки билимди жакшы албай деле калдым, жок дегенде жалпы жонунан бир билип алайын”, — дегендер көп эле болду. Бирок, өкүнүчтүүсү экзамендер кайтарылды. Эми чындыгында бардык эле окуучулар кайгырган жок. Арасында, “Ура, жыргадык. Конспект жазбайбыз”, -дегендер да бар. Алар албетте, буга дейре эле окууну аларга кереги жоктой мамиле кылган окуучулар. Бирок, окурмандар үчүн, бул жакшы деле болгон жок.
Анткен менен оппозиция же позиция болбой үстүнөн карап ой жоруса, оору үчүн пайда-зыянына таасир бербесе деле керек. Бул жерде белгилүү бир тарапка кошулбайм. Экзамен берсем, албетте мага пайдалуу болмок. Бирок азыркы шартты карасак, ошол ишке кетчү убакытты өзүм үчүн башка пайдалуу иштерге коротуп жаткандыгыма ишенем!”- дейт Малика Эсенгулова.
Акылай Алмазбекова