Жайкы каникулда ата-энелер балдары үчүн өзгөчө көңүл бура турган мезгил. Бул учур балдарга эс алып, күч топтоп, жаңы досторду күтүп, көптөгөн кызыктуу нерселерди билүүгө шарт түзөт. Биздин Жаңы-Жер айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө балдарынын жайкы эс алуусуна кандай шарт түзүп берүүсү жөнүндө сөз болмокчу.
Айжамал Өмүралиева: “Кыздарымды айылга таятасыныкына жиберебиз”
«Кыздарым Амина менен Камила жакында таятасыныкына барышат. Таэнеси шырдак жасап өрмөк согот. Кыздарым дагы кол өнөрчүлүкктөн маалыматы болуп кызыгышса деймин. Ал жакта туугандардын балдары да жайкы каникулга барышкандыктан, алар менен ойноп-күлүп чогуу эс алып кайтышат. Айылдын таза абасы, экологиялык таза тамак аштары кандай сонун. Таэнеси жасаган жармадан ичип каламасын жеп эле жүрө беришет».
Шухрат Ризоев: “Баламды көлгө лагерге жиберем”.
«Жыл сайын көлгө лагерге жибергенге аракет кыламын. Былтып пандемияга байланыштуу жибербей калганмын. Бирок үй-бүлөбүз менен 3 күнгө барып келгенбиз. Баламдын лагерге барганы аябай жакшы. Өзү теңдүү балдар менен мамиле куруп, ой жүгүртүүсү өзгөрөт. 12 күн болсо да ата-энесинен өзүнчө жашап, өз алдынчалыкка үйрөнөт. Балам лагерге жибергенимдин негизги себеби аллергиясы бар. Ошого көлдүн абасы, суусу жакшы жардам берет».
Гүлмира Бикиева: “Неберелериме бээнин сүтүн ичирем”
«Буюрса небере кыздарым менен жайлоого баралы деп жатабыз. Бээнин сүтүн ичип, иммунитетти көтөрсө, балдар кышы бою оорубай жакшы жүрүшөт. Учурда болуп жаткан илдеттен сактануу үчүн иммунитетти көтөрүү керек экен. Негизи жыл сайын жайлоого барып турушса. Жайлоо балдарга жакшы таасир берет. Таза аба менен дем алып, мал-жандык менен таанышып, чуркап ойноп энергия топтошсо жакшы да. Ансыз да азыр балдар кечке колдорунан телефон түшпөйт».
Турсун Омуралиева