Кыргызстанда сүт азыктарына болгон суроо талап жылдан жылга өсүп келет. Мунун биринчи себеби, калктын көбөйүүсү болсо, экинчиси экспорт менен байланыштуу. Демек, бул бизнести жогорку кирешелүү деп баалоогот болот. Өндүрүштүк деңгээлде сүттөн кандай азыктар жасап чыгарууга болот?
Өндүрүштү автоматташтыруунун аркасында, ишкерликтин баштапкы этабында эле ден-соолукка пайдалуу жана даамдуу тамак-аш азыктарынын тизмесин сунуштап, олуттуу көлөмдөргө жетүүгө болот. Бирок, ак азык менен ишкерлик кылууда эмнелер керек?
Кайсы бир азыкты өндүрүү үчүн ишкана чийки зат менен камсыз болуусу керек. Ал үчүн эки жол бар. Биринчиси, жакынкы чарбалардан даяр сүт сатып алуу. Экинчиси, бодо малдын санын максималдуулукка чейин көбөйтүп, колдо мал багуу. Биринчи учурда, сүт чогултуу иштерин уюштуруу керек жана бул иштерди күнүгө тынымсыз алып барган адам болушу зарыл. Экинчи учурда, сапаттуу тейлөө үчүн мал сарайларын салууга, тоют менен камсыз кылууга, жайыт үчүн жайларды, уй сааган жана башка шаймандарды сатып алуу керек. Ошондой эле жаныбарларга ветеринардык кызмат көрсөтүүгө кам көрүү керек. Мындан тышкары, мал багууга жана ага кам көрүүгө адам ресурсу дагы керектелиши ыктымал.
Көпчүлүк учурда чийки заттарды кабыл алуу жана андан керектөөчүгө берилген сүттү түздөн-түз өндүрүү ар башка ишканаларда жүргүзүлөт. Чийки сүт стандартташтырылган же сепаратордон өткөрүлүп, ал аркылуу каймак бөлүнөт. Технологиялык циклдин маанилүү этабы чийки затты кабыл алуу жана текшерүү. Фабриканын лабораториясында продуктулар белоктордун, майлардын, углеводдордун, кошулмалардын, антибиотиктердин курамы, даамы жана жыты, тыгыздыгы, кычкылдуулугу жана микробиологиялык анализ сыяктуу индикаторлорго текшерилет.
Эң натыйжалуулук көз карашынан алганда, жаңы же иштеп жаткан сүт азыктарын өндүрүү үчүн даяр мини заводду сатып алуу оптималдуу. Ошол эле учурда, сүттү өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн колдонулган жабдыктар кылдат технологиялык экспертизадан өткөрүлүшү керек. Көпчүлүк учурда, ал айрым заманбап талаптарга жооп бербейт же авариялык абалга келип, оңдоп-түзөө иштерине пландаштырылбаган чыгымдарды алып келет.
Сүт жана сүт азыктарын өндүрүүнүн эң маанилүү этабы — пастерлөө. Бул процесс азыктагы мүмкүн болгон инфекцияларды жана бактерияларды жок кылат. Бул үчүн сүт 65-90 ° C температурага чейин кайнатылат. Сүттү кайнатуу убактысы температурага жараша болот. Температура канчалык жогору болсо, цикл ошончолук кыска болот. Ошол эле учурда, өнүмдүн даамын, жытын, түсүн жана ырааттуулугун сактап калуусу маанилүү. Эреже боюнча, пастеризация көлөмү 300-600 литр болгон ванналарда 30 мүнөт 65 ° C температурада жүргүзүлөт. Мындан кийин сүт муздатылат.
Акыркы этап – бул даяр болгон продуктыларды желим (көбүнчө айнек) бөтөлкөлөргө, полиэтилен баштыктарга же суу өткөрбөй турган картондон жасалган кутучаларга таңгакталат. Станоктун жардамы менен маркалоо өндүрүү датасы жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен колдонулат. Мындан кийин сүт керектөөчүгө жөнөтүү аракети калат.
Кычкыл сүт азыктарына айран, бышырылган сүт, быштак, сыр, каймак ж.б кирет. Өндүрүү процесси сүттү жылуулук менен иштетүүнү, ачытууну жана муздатууну камтыйт. Андан соң продукциялар бышып, таңгакталып, дүкөндөргө жеткирилет. Жетилүү процессинде айран, кымыз өңдүү ак азыктар белгилүү даамга ээ болот. Каймак жана быштактын эсебинен ассортименттин кеңейиши кошумча чыгымдарды талап кылбайт, анткени бул азыктар сепаратордон алынат. Бышырылган сүт пастеризацияланган уйдун сүтүнөн даярдалат, ал 95 ° Сге чейинки температурада 3 же андан ашык саат бою бир калыпта ысытылат. Бул сүткө ачык күрөң түс жана карамель даамын берет.
Үнөмдөөчү себептерден улам, көпчүлүк айрандар таттуу жана даам кошулган сүт порошогунан жасалат. Технологиянын татаалдыгына жана кымбаттыгына байланыштуу, органикалык азыктарды өндүрүүчүлөр үчүн табигый айрандарды өндүрүү пайдалуу.
Бул категорияга каймак, май жана сарысуу камтылган. Май 46% чейин майлуулуктан турган каймактан жасалат. Каймак пастеризацияланып, 10 ° C температурада муздатылат жана 7-15 саат бышканга чейин калтырылат. Мындан кийин даяр болгон продукты чабылат. Бул процесстен улам азык майлуу данга жана майлуу сүткө бөлүнөт. Майлуу данды суу менен чайкап, бирдей калыпта бастырылып, чакан калыптарга салынат.
Сарысуу — быштактын пайда болушунун натыйжасында келип чыгат. Быштакты толугу менен бөлүп алгандан кийин, сарысуу муздатылып, таңгактоого жөнөтүлөт. Сарысуу кошумча жылуулук менен иштетилбегендиктен, анда сүт кислотасынын бактериялары калат.
Бул жерде кургак жана коюлтулган сүткө көңүл бурабыз. Сүт азыктарын өндүрүү линияларынын технологиялык схемасы заводдун кубаттуулугуна жараша болот. Ошоной эле ассортиментин ырааттуу кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Мындай кеңейтүүнүн варианттарынын бири болуп, кургак сүттү өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алуу керек. Тиешелүү жабдыктардын жардамы менен 1 кг кургак сүттү өндүрүү үчүн 8,7 литр чийки зат талап кылынат.
Кургатуу процессинин негизги баскычы вакуум бууландыргычтардагы сүттү 43% чейин коюлантуу. Андан кийин продукт кургатуучу жабдыкка жеткирилет, ал жерде коюлтулган сүт 200 ° C температурада күкүм абалга чейин кургатылат. Даяр болгон күкүм тибиндеги сүт баштыктарга же атайын таңгактарга салынат. Мында, таңгактар менен баштыктар ным өткөрбөөчү касиетке ээ болушу керек.
Сүт ишканасы үчүн балмуздак чыгаруу дагы кирешелүү булактардын бири. Биринчи кезекте эле, муздак жана таттуу азыкка болгон суроо талаптын молдугу анын кирешелүү экенинен кабар берет. Ошондой эле, аны өндүрүп, сатыкка чыгаруу үчүн дагы эбегейсиз көп нерсенин кереги жок. Керектүү азыктарды табуу кыйынга турбайт. Эң негизгиси сү, май, каймак жана шекер аралашкан коюлтулган сүт.
Кубаттуулукту кеңейтүү үчүн жабдыктар керек болот. Тактап айтканда, аралашыргыч, фильтр, майр эриткич, акыркы продуктту бышып жетилтүү үчүн идиштерди, насосторду, тоңдургучтарды ж.б. сатып алуу керек болот.
Эксперттен кеңеш: Уйга чөп болсо эле, ал сүт бере бербейт …
Үй шартында уйдун сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жолдору
Уйдун сүт безинин сезгенүүсүн алдын алыңыз
Касиет Кубанычбек кызы