“Кыргыз эл акыл казына” коомунун 7 облусунан келген лидерлери жана башка өкүлдөрү быйыл биринчи жолу чогулуп, өткөн жылдардын жыйынтыгын чыгарып, пландарды талкуулашты.
Атайын алар үчүн семинар уюштурулган, ал социалдык медиада кошумча инструменттерди (контент түзүү, конкреттүү медиа аккаунттарын башкаруу, аналитика жана санариптик жарнак) камсыз кылууга, ошондой эле коомчулукту мындан ары илгерилетүү үчүн гранттык каражаттарга долбоордук колдонмолорду даярдоого багытталган.
Иш-чара Ысык-Көл облусунда “Keep Up” (“Заман менен бирге”) урааны астында өтүп, уникалдуу пасторалдык тармагынын ишин сактап калууга, анын лидерлеринин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жаш муундарды мындан аркы санариптик байланышка тартууга багытталган.
Коомчулуктун лидерлери өздөрүнүн ойлору жана жыйынтыктары менен бөлүшүштү.
«Тренинг аябай жогору деңгээлде өттү, уюштуруучулурга чоң рахмат айтам! Биринчиден, тренингдин алкагында Юнеско боюнча аябай жакшы маалымат алдым жана өзүм дары чөп боюнча Юнеского берейин деп ойлонуп калдым. Экинчиден, финансылык сабаттуулук жөнүндө тренинг бизге өтө пайда келтирди. Ал эми, долбоор жазуу боюнча кенен маалымат алдым, бирок бизге дагы практика керек.» — Алгожоева Жанар, Чүй облусу боюнча лидери.
«Семинар биз үчүн пайдалуу болду. Биринчиден, бул семинардын катышуучуларынын курамынын өзгөчөлөнгөндүгүндө, себеби КЭАКтын лидерлери менен жаңы кошулуп жаткан курамдын биргелешүү иш алып барганы чоң жетишкендик болду деп айта алам. Бир эле учурда катышуучулар билимдерди алса, экинчиден тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Семирнардын программасы дагы аябай жакшы түзүлгөн, себеби ал жерде талкууланган темалар бүгүнкү күндө КЭАКтын иши үчүн актуалдуу темалар болуп эсептелет», — Нусупова Роза, Жалал-Абад облусу боюнча лидери.
Кыргыздын салттуу билими – бул кылымдар бою өнүгүп, такталып келген күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүнүн практикалык ыкмалары. Аларда элдин терең акылмандыгы, курчап турган дүйнө жөнүндөгү ой-пикирлери, турмуштук аракеттери камтылып, муундан муунга жомоктор жана эпостор, ырлар жана уламыштар, аңгемелер жана жөн гана насаат түрүндө өтүп келет. Эл аралык эксперт Мария Ажунова фонддун ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди. “Ак илбирстин жери” деген тармагынын директору Кыргызстандагы семинарга “Кыргыз Эл Акыл казына” коомунун өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн атайын келген.
«Кыргызстандын салттуу билим сактоочулар Гарвард университетинин студенттери жана мугалимдери үчүн онлайн семинар өткөрүштү. Бул жолугушуу угуучуларга унутулгус таасир калтырды», — деп Мария Ажунова билдирди.
Салттуу билимдерди таратуу – бул маданиятты жана мурасты сактоо гана эмес, бул баарыбыз үчүн өз тамырыбыз жана иденттүүлүгүбүз жөнүндө көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгү.