“Көөнөрбөс Мурас” коомдук уюму Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылында карагат өстүрүү демилгесин 2017-жылдан бери долбоорлордун алкагында ишке ашырып келет. Быйылкы жылы өстүрүлгөн карагаттарды кайра иштетүү максатында «Бир айыл- бир продукт» долбооруна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Эл аралык Жапон кызматташтык агентствосунун “Бир айыл- бир продукт” программасынын технологдору үйрөткөн рецепт менен «Карагат экстрагын» жана «карагат упасын» даярдоону үйрөнүштү.
14-февралда аталган агентство уюштурган Нарын бренди конкурсуна катышып, Карагат экстракты жана карагат упасы продуктыларын өндүрүү боюнча сертификатка ээ болушту.
”Көөнөрбөс Мурас” фондунун жетекчиси Бегайым Мурзалиева: “Кийинки кадамыбыз продуктыларды өндүрүш үчүн айылда кичи ишкана ачуу керек. Бул багытта биз мамлекет тарабынан колдоого муктаж болуп жатабыз”-деп билдирди.
Перизат Таштанова