Кара-Суу жана Табылгыты айылында Сары-Булуң айылдык кеңеши менен биргеликте 1 жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча аткарылган иштери тууралуу маалыматы, ошондой эле Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин долбоору угулуп, жергиликтүү тургундар тарабынан талкууга алынып, эл тарабынан көтөрүлгөн маселелер жана суроолорго айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев жана айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпээвалар тарабынан жооптор берилди.
Мындан Сары-Булуң айыл аймагында турмуш тиричилик калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун жана айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча талкууланды.
Соода- сатыктарды жүргүзүүдө, алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын сатуу жана сатуу убактысы , чектөөлөрдү, тыюу салууларды киргизүү, Расымдык иш чараларды, маркумдарды эскерүү үрп -адаттарын жана үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү тартиби боюнча иштелип чыккан убактылуу Жоболор эл тарабынан жактырылды.
Анара Мааметова