Тогуз-Тородо Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ачылуу аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага Тогуз-Торо райондук администрация башчысы Мирлан Карагулов, акимдин орунбасары Гүлжамал Султангазиева, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, коомдук уюмдар, айылдык кеңештин төрагалары жана райондун жаштары катышты.
Толугу менен аудиосюжеттен угуңуз:
Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов, катышуучуларды бул маанилүү окуя менен куттуктап, жарандарга санариптик билим берүүгө жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып, окуу борбордун негизги максатына токтолуп өттү.
Билим берүү программалары өтүп жаткан өлкө боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 борбор ачылып жатат. Ал эми Тогуз-Торо райондук китепканада билим борбору уюшулду дейт Борбордук шайлоо комиссиянын Тогуз-Торо районундагы системдик администратору Нияз Бактыгулов.
Бул социалдык долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана КР Министрлер Кабинети,Борбордук шайлоо комиссиясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын биргелешкен колдоосу менен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда.
Анара Мааметова