Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында “Ай-Данек” балдар бакчасы иштеп жатканына эки жылдын жүзү болуп калды. Учурда бала бакчада 58 бала тарбияланууда.
2015-жылы “Германия эл аралык кызматташтык уюмунун жарандык коомду колдоо фонду” (GIZ) долбоорунун каржылоосунда Сары-Дөбө айылынын жарактан чыгып калган клубу реконструкциядан өтүп, ордуна «Ай-Данек» балдар бакчасы ачылган.

Учурда бала бакча ишин кантип алып барып жаткандыгы тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн “Ай-Данек” балдар бакчасынын директору Бүүравшан Жаянбаевага кайрылдык. Ал өз сөзүндө бала бакчанын көйгөй жараткан маселелери акырындан чечилип жатканын билдирди.

“Азыр бакчабызда эки тайпа бар. Алар кенже жана ортоңку тайпалар. Былтыр үч тайпа бар болчу. Чоң тайпа азыр мектепте даярдык класстарында окуп жатат. Калган балдардын саны 58 бала. Кезекте дагы 20 чакты бала орун күтүп турат. Буюрса сентябрь айынан баштап дагы бир тайпа ачууну пландап жатабыз”.


“Кенже тайпанын балдары тогуз сааттык мөөнөттө билим алышып, үч маал ысык тамак менен камсыздалган. Ал эми ортоңку тайпа үч сааттык гана мөөнөттө билим алышууда. Ар бир бөлмөгө термометр орнотконбуз, температура +20 градустан төмөн болбойт. Болгону азырынча тамак бышыруучу, кир жуучу, директордун, медайымдын бөлмөлөрү жок. Тамак даярдоочу бөлмөнү ижарага алып иштетип жатабыз. Бул маселе жакын арада чечилет деген ойдобуз. Себеби жакында айыл өкмөткө каражат бөлүп берүусү үчүн арыз жаздык”.
Даярдаган: Зулайка Жороева, Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн