Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында алма сактоочу жай иштеп жатат. Аны айыл тургуну Нургазы Исманов негиздеген.

Сары-Дөбө айылынын тургуну, жеке ишкер, дыйкан жана мугалим Нургазы Исмановдун демилгеси менен алма сактоочу жай ачылган. Учурда элдин тогуз тонна алмасы нормалдуу шартта сакталууда.

Бул алма сактоочу жай Нургазы Исмановдун жеке каражаты жана Европа Биримдигинин атайын долбоорунун каржылоосу аркылуу үч айдын ичинде салынган.

«Бул заманбап типтеги алмакана айыл эли үчүн өтө керек нерсе эле. Себеби карапайым элге алма чоң киреше булагы болуп эсептелет. Мурда терилген алманын 50 пайызын суук уруп же кандайдыр бир зыянга учурачу. Эми 25 тоннага чейинки алмаларды бирдей температурада сактап, жакшы киреше алсак болот», — деп билдирди Исманов.

Алма сактоочу жайды ачуунун жалпы суммасы сегиз миң еврону түзгөн. Анын ичинен 280 миңин ишкер өзүнүн чөнтөгүнөн чыгарган.

«Калганын Европа Биримдигинин долбоору каржылады. Бул алмакананы муздаткыч менен иштейт. Мисалы алма +1 градустан + 3 градуста сакталса болот», — деп кошумчалады ал биз менен болгон маегинде.
Даярдагандар: Берметай Каныбек кызы, Нурайым Айипбек кызы
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн