Сумбула айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө айылында жаңы намазкана курулуп, 26-март күнү колдонууга берилди.
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан Сары-Дөбө айылында жаңы намазкананын ачылышы 26-март күнү болду. Сары-Дөбө айылында буга чейин да мечит болгон, бирок ал жер кээ бир тургундарга алыс болгондуктан жаңы намазкана ачылган.


“Бул намазкананы курууга эл демөөрчү болду. Эл акча топтоп бир жылдын ичинде куруп бүтүрдүк. Эми келечекте кол жуугучтарды коюп, бул жерди жакшы оңдоп-түзөйбүз”, — деп билдирет уюштуруучулардын бири Шайырбек Кенжебаев.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жерде жума, айт намаздар окулбайт. Жума намаздар Сары-Дөбө айылынын чоң мечитинде окулат. Буга чейин да Сумбула айыл өкмөтүндө намазканалар көп эле болгон. Сары-Дөбө айылында бул намазкана биринчи жолу ачылды.

Намазкананын курулганына кубанган айыл тургуну Арзыбек Малабаев мындай дейт:
— Бул жер курулуп абдан жакшы болду. Мурда чоң мечитке баруу үчүн бир километр жол басыш керек эле. Бул жер курулуп 200 метр басып намазканага жетип келем.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн