Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. Аземге Тогуз-Торо районунун жаңы шайланган акими Мирлан Карагулов, айыл тургундары катышты.
Айыл ѳкмѳт тарабынан ыкчам иш-чара түзүлүп, ӨКМдин райондук, облустук башкармалыгы менен биргеликте мониторинг жүргүзүлгөн. Натыйжада, ӨКМдин облустук башкармалыгы тарабынан эки башына тумбасын куюуга цемент, арматура берилген. Үстүндѳгү туура таштамалары жана цемент плиталары райондук ДЭП-18 мекемелеринен баланстан баланска кайтарымсыз алынган.

Керектѳлүүчү материалдар даярдалган кийин иштѳѳ жумуштарын БУУ ДАТП эмгек үчүн азык-түлүк долбоорунун алкагында жумушчуларды жумушка тартышкан. Ошондой эле үстүн цементѳѳ, эки капталын тосуу, техникалар үчүн ГСМ жумуштарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаттан кароо менен ашар ыкмасы менен иш жүргөн. Мунун натыйжасында, жергиликтүү бюджеттин акча каражатын экономдоо менен бүткѳрүлдү.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Анара Мааметова