Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана эксперттер «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында жооп берди.
Толугураак бул аудио сюжеттен угуңуз:
Жергиликтүү кеңештин компетенциясына айылдык кеңештин ишинин мыйзамдууулугун коллегиалдуу маселелелерди талкуулоодогу чечимдеринин принциптерине негизделген дейт Сары-Булуң айылдык кенештин төрайымы Венера Эпээва:

Сары-Булуң айылдык кенешинин төрайымы Венера Эпээва
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КРнын мыйзамынын 31-беренесин ишке ашырылышын көзөмөлдөө, мындан сырткары айылдык кеңеш жөнүндөгү жоболорду бекитүү жана ошондой эле айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын түзүү, отчетторун угуу, айылдык кеңештин компетенциясына негизинен бөлүк бөлүктөргө бөлүнгөндө, 24 бөлүктөн турган нерсе кирген».
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө, жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчет бекитүү жергиликтүү кеңештин карамагында дейт Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Эсентур Нуркамилов:

Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Эсентур Нуркамилов
“Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү, тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу кирет. Сары-Булуң айылы ушул тапта өзүнчө статус алабыз деп аракет кылып жатышат. Азыр, мыйзамдарды карасам, калктын саны жетпейт экен. 9-пункт менен Сары-Булуң айылын сунуштасак болот эле. Бирок, азыркы учурда сунуштай албайбыз. Элдин саны жетпейт”.
Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги, бюджеттик процесс долбоордун координатору Азамат Мамытов жергиликтүү кеңештин негизги компетенциясына токтолду:
“Жергиликтүү жамааттын социалдык экономикалык өнүгүү программасынын бекитүү кирет. Бул абдан жоопкерчиликтүү, маанилүү документ болуп саналат. Жыл сайын бюджеттик кодекстин 88-беренесине ылайык айыл өкмөтүндөгү жана мериялар социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгып, аны кеңеш аркылуу кабыл алышат. Жергиликтүү кеңеш бул компетенциясына жоопкерчиликтүү карап, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы каралып жатканда адамдардын чыныгы деген көйгөйлөрү киргенге аракет кылыш керек”.
Бул уктуруу Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Анара Мааметова