Кыргызстандын ар кайсы облустарынан айыл өкмөт кызматкерлери жана республикалык маалымат каражаттарынын журналисттери Кулатов айыл өкмөтүнүн аткарган жумушу менен таанышуу максатында келишти. Бул иш-чаранын башкы максаты — эл аралык долбоорлордун алкагында үч жыл ичинде айыл өкмөтү кандай өзгөрүүлөргө жетишкендиги менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу болгон.
Жолугушуу 25-июнь күнү Төрөбай Кулатов айылдык округунда болуп өттү.
Семинардан соң Кулатов округундагы мектептердин, ооруканалардын абалына көз салып, ошондой эле Кызыл-Булак айылындагы жергиликтүү мультимедиа борборуна келип, аткарылып жаткан жумуштар менен таанышышты. Мультимедиа борборунун өкүлдөрү, келген конокторго, жакында ЮНЕСКО уюуму тарабынан жасалган «Голос айыла» деп аталган мобильдик сайт менен тааныштырды. Бул сайтта айылда болуп жаткан жанылыктар байма бай жарыяланып, анда иштеген жаш журналисттер акырындык менен кесиптик деңгээлин жогорулатуунун үстүндө иштеп жатышканын айтышты.
Келген өкүлдөрдүн баасы боюнча Кулатов айылдык өкмөтү жакшы деген баага татыды.
Кулатов айыл өкмөтү мындан ары дагы ар кандай эл аралык долбоорлор менен иштешүүгө даяр экендигин айтты.
Автор: Кубанычбек Акылбек уулу