Сезим Садинова учурда 19 жашта. Ал келечекте спорт машиналарынын отургучтарын дизайнын түзүүнү максат кылууда. Учурда ал Түркия мамлекетиндеги Карабюк университетинин «Фетхи Токер» атындагы кѳркѳм искусство жана дизайн бѳлүмүндѳ билим алат. Анын айтымында чет жакта окуп, башка маданият, башка эл, башка жерди тааныгысы келчү.
Барскоон айылынын тургуну Сезим Садинова мектепте мыкты окуп жакшы жетишкендиктерди багындырып келген.
Жаштын тилегин берет деген сѳздѳн улам кесип тандадым
«Мен кичине кезимде элдер чоңойгондо ким болосуң деп сураса эле доктур дей берчимин. Мунун себебин деле билбейм. Кийинчерээк сүрѳт тартканга кызыга баштадым. Кагаздарды кескилеп ар түрдүү макеттерди жасап ойночумун. Ошондо чоң энем «Жаштын тилегин берет. Кааласаң баары болот»-деп кѳп айтчу. Ошондон улам дизайнерлердин түрлѳрүн изилдедим. Акырында «industrial design» ѳнѳр жайдагы дизайнер кесибин тандадым».
Окуу жайларды карап жаткан кезде кѳптѳгѳн окуу жайларды карадым.
Окуу жайларды изилдеп жаткан кезде интернет булактарынан ал жакта окуган студенттер менен байланышканга аракет кылган. Түрк тилин үйрѳнѳ электе документтерин тапшырууга ошол жактагы кыргыз окуучулар жардам бергенин кошумчалады.
«Негизи 1 жыл тил үйрѳнүүгѳ убакыт берилет, бирок мен беш айда үйрѳнүп экзамен бердим. Окуумду эрте баштадым, азыркы учурда 2-курста окуйм. Түрк тилинде билим алам. Мен окуган окуу жайда 30 пайыз англис тилинде 70 пайыз түрк тилинде билим алууга мүмкүнчүлүктѳр бар. Мындан тышкары 100 пайыз англис тилинде билим алса дагы болот. Эне тилим менен расмий тилибизден тышкары түрк тилинде эркин сүйлѳѳ деңгээлине жеткиргенге аракет кылып жатам».
Билим алуу системасы биздин мамлекеттен айырмаланат
«Ал жакта билим алуу системасы ѳтѳ жакшы. Сабактарды ѳзүң тандап аласың жана ошондой эле мугалимдерди дагы ѳзүң тандоого мүмкүнчүлүк бар. Бир сабак 6 саат болсо, алтооно тең жоктоо кылышат, ал система аркылуу болот. Мындан тышкары түрдүү бардык шарттары каралган жатаканалар бар. Мен жатаканада жатып окуйм. Окууга чейин автобус менен алып барып, алып келишет».
Элдери меймандос келишет
«Элдери аябай меймандос келишет экен, биз ѳзүбүздү меймандоспуз деп айта беребиз го, алар бизден ѳтүшѳт экен. Дүкѳндѳргѳ кирсең дагы чай менен тосуп алышат. Ар ким менен саламдаша беришет, ѳзүнѳ тартып турушат. Тамак-аштардын кѳптѳгѳн түрү бар, таттууларга абдан бай. Эң биринчи барган кезде түз эле үйлѳнүү тойго түшүп калдык. Бизде тойдогу столдордун үстү тамак аштарга толтурулган эмеспи, ал жакта андай нерсе жок. Таптакыр отурушпайт, бийлешет экен. Биз үчүн аябай таңкалыштуу болгон».
Искусство тармагында окуган жалгыз кыргыз кызымын
«Дизайнерге (искусство тармагында) окуган жалгыз кыргызмын. 4 жыл окуйбуз, үч жолу практикага чыгышыбыз керек. Ар бир фирманы же болбосо фабриканы ѳзүбүз табышыбыз керек. Менен бѳлүмүм кыйыныраак бош убактым болбойт. Эртеден кечке окууда болушубуз керек, кээде таптакыр уктабаган күндѳрүбүз болот».
Жетишкен ийгиликтерим
«Азыркы учурда кичинекей балдарга оюндардын дизайнын карап жатабыз, буюрса жакынкы арада бут кийимдердин дагы проектин ойлоп жатам. Бардык жасалган проектим кѳргѳзмѳлѳрдѳ турат. Азиздерге арналган оюн фигураларын жасаганбыз. 80 окуучудан 3 окуучу алдыга чыккан, алардын катарындамын. Биз бардык адам тарабынан колдонуучу буюмдардын дизайнын түзѳ алабыз, кашыктан баштап самолетко чейин жасай алабыз»-деп мугалимдерим айтышат. Ошол себептен ар түрдүү тармакта иштеп кете алам деп ойлойм».
Келечектеги алдыга койгон максаттарым
«Швейцариядан машинанын дизайнери келди, аны менен жолугушуу ѳткѳрдүк. Анын баарын менен досторум даярдады. Машинанын дизайны, түзүлүшү, жасалышы, сатыкка чыкканга чейин бардык этаптарды үйрѳттү. Ошол жерден кѳптѳгѳн мотивация алдым. Балким мени машинанын дизайнери деп таанып каласыз. Планымда спорт машиналардын отургучтарынын дизайнын түзсѳмбү деп жүрѳм. Окууну бүткѳн кезде Түкияда бир канча жыл калып иштейм, ѳзүмѳ потенциал ачып Европага кеткенге аракет кылам, себеп дегенде Кыргызстанда мындай буюмдар чыкпайт».
Гүлкайыр Осмоналиева