Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, кыргыз элине күтүлбөй келген таажы тумоосунун экинчи толкуну болушу мүмкүн экени дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан айтылып, дүйнө элин оорунун алдын алууга чакырык таштоодо. Бул арада Талас облусундагы ооруканалар, үй бүлөлүк медицина мекемелерин, айылдык ФАПтарды жаңыртууга, ремонттоого, кайра курууга айрыкча басым жасалууда. Адыктан облус аймагында пандемия шартына карабастан курулуш иштери токтогон жок.
Бакай-Ата районундагы Шадыкан айлында баардык шарты менен үй бүлөлүк дарыгерлер тобу иштей турган имарат ачылды. Бул имарат Шадыкан айыл өкмөтүнүн мекемесинде жайгашкан. Буга чейин каралбай калып бош турган имараттын ремонт ишине Айылдык ден соолук комитети аркылуу Швейцариялык банктан 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн, анын 230 миң сомуна керектүү меджабдуулар, жана ден соолукту чыңдоочу фитнес жабдыктары алынып келинген.
-Учурда бизде жүрөк кан тамыр оорулары көп катталууда. Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана инфаркт, инсульт болуп ооругандар көнүгүүлөрдү жасап, саламттыгын чыңдоо үчүн жазылган долбоор болчу. Бул долбоор ишке ашты,-деп билдирди райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Гүлзат Көкүмова.
-Мурда шартыбыз абдан начар эле. Эми ушул долбоордун жардамы менен ичинде ысык-муздак суусу бар, фитнес клубу бар жакшы имаратка жайгашып олтурабыз. Элге медициналык жардам берип, калктын салматтыгын сактоого колубуздан келишинче эмгектенебиз,-дейт №4 Шадыкан айылдык ҮДТнун улуу мээрманы Анархан Алымкулова.
Таажы ыланы күчөп турган учурда №4 Шадыкан айылдык үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна күн сайын 50-60тан бейтаптар кайрылып, жергиликтүү медиктерге дене табын, сатурациясын текшертип, тамчылатып дары куйдуруп жатышты. Бүгүнкү күнгө карата бул айылдан ооругандар катталган жок.
Мира Сейдикеримова