Үй- бүлө менен карьераны айкалыштыра албай, стресске кабылган айымдар көп. Мунун негизги себеби, үй оокаттары жана бала тарбиялоо көпчүлүк учурда аял кишинин милдети катары саналып келет. Кантип, үй бүлө менен карьераны алып кетсе болот? kyrgyzmedia.kg көп балалуу жана ийгиликтүү айымдар менен маектешип, кеңештерин укту.
— Кантип үй бүлөгө жана карьерага бирдей жетишсе болот?
— Биринчи кезекте каалоо керек демекчимин. Адамда каалоо болсо, жүрөгү каалап турса, ошол оюн ишке ашырууга абдан аракет кылышы керек. Эмгектенүү жана мээнет кылганда гана кыялдарыбыз ишке ашат. Ошондой эле аял киши үй бүлө менен жумушту бирге алып кетүүсү үчүн жолдошунун, туугандарынын, балдарынын колдоосу керек. уй -булоо тарабынан колдоо. Жолдошун тарабынан колдоо, бир тууганын тарабынан колдоо жана балдарын тарабынан колдоо деп ойлоймун. Мен көздөгөн максаттарыма жетүүмө, ийгиликтерди багынтуума биринчи кезекте жолдошум чоң салым кошту. Аны менен бирге бойго жетип калган уул — кыздарым дагы колумду узартып, үй иштерине аралашып чоң жардам көрсөтүшөт. Жолдошум тушүнүү менен мамиле жасап, бала кароодо, үй жумуштарын жасоодо, тамак-аш даярдаганда да жардамдашат.
Гүлбарчын айым, 7 баланы гана чоңойтуп эрезеге жеткирбестен тигүүчүлүк цехи аркылуу 30 адамды иш менен камсыз кылып келет.
— Үйдүн жана иштин жумушуна жетишпей жатканда, кантип адам өзүн күнөөлүү сезбеши керек?
— Биринчи кезекте, күнөөлүү сезим эмнеден, кайсы иштен жаралып жаткандыгын табыш керек. Психологиянын көп булактарында биз кайсы бир иштерге жетишпей жатсак аалам бизди жазалайт деп айтылат. Ошондуктан ойду токтотуп, жумуш менен үй бүлөгө убакыт бөлүүнү пландоо керек. Учурда балдарыма, үй бүлөмө толук маани бере албай жатам десеңиз, бир жума ичиндеги фокусту жумушка бөлүңүз. Бирок, күн сайын бир сааттан убакытты балдарга арнап, сапаттуу баарлашууга аракет кылыңыз.
24 саат баласынын жанында болгон энелердин бардыгы эле баласы менен сапаттуу байланыш түзө албайт. Андыктан, үйдө отурсам эле балама жакшы мамиле түзө алат элем деген ойдон алыс болуңуз. Жумуштан кийин, үйдө кечки тамак жасап жатып үй бүлөңүз менен маектешиңиз. Биргеликте оокат кылып маектешүү бири-бирин түшүнүүгө, колдоого, ишенимдин жаралуусуна шарт түзөт.
Үйүлгөн көп жумушту маанилүү максаттар жана тапшырмаларга бөлүү керек. Маанилүү максаттарды бирден онго чейинки шкалада жазыңыз.
1. эң маанилүү
2. орточо деңгээлде маанилүү
3. анча маанилүү эмес
Мындай шкалада жазылган 10 тапшырманын бешин тандап алып, алгачкы үчөөнү аткаруу керек. Калган иштерди график боюнча алдыңкы жумада, айда бүткөрүү зарылдыгын аныктайбыз. Негизи, үйүлгөн көп жумуш приоритеттерди так белгилебегенден келип чыгат.
— Үй бүлө жана карьераны бирдей алып кетүүдө, бардык ишти аял өзү жалгыз бүткөрүп жетише алабы?
— Эң биринчиден айымдын 4-5 же андан көп баласы болсо, албетте ал ишке дагы үй бүлөгө дагы жетишүүсү оор болот. Бир гана балдары чоңоюп калган болсо, эки багытты бир алып кетиши мүмкүн. Анткени, балдары бири — бирине жардам берип, улуулары кичүүлөрүнө кам көрө алат. Ал эми балдары кичинекей болсо, сөзсүз жардамчылар керек болот. Бала багуучу жалдаш керек же туугандардын жардамын алыш керек. Анткени, балдар бир гана мектепке барбайт. Алар ар кандай ийримдерге да барышы мүмкүн. Бардыгын аял өзү гана кылып, жетишем десе дагы ал бир канчага бөлүнүп, эффективдүүлүгү төмөндөйт. Ошондуктан, сөзсүз жардамчылар керек. Ал үчүн аял бардык ишке көзү жетип, өзүнө ишенип турушу керек. Балдарына да бала кезинен убакытты сарамжалдуу колдонгонду үйрөтүү керек. Ошондуктан, эң биринчи маселе бул аялдын оюнда болгон тазалык. Мээде пландуу түрдө бардык иштер жана мамилелер орду-ордунда болушу керек. Эгер аялдын ою чачыранды болуп турса, жашоосунда дагы башаламандык пайда болот.
Улуттук кийимдерди брендге айланткан Байра Толгонай тууралуу толугураак окуңуз. Байра Толгонай: Элдин улуттук кийимге мамилеси кыйла өзгөрдү
Карьера жана үй-бүлөнү айкалыштыруу үчүн айымдарга кеңештер
Психологдон кеңеш: Жолдошум, кайын журтум карьерама каршы
Нуржахан Асылбашева: Атам карьераңды кылууга жетиш деп айтчу
Касиет Кубанычбек кызы